Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Эне тилибизди барктаганыбызда, башка улуттар бир айда эле кыргызча сайрап калышмак”

“Эне тилибизди барктаганыбызда, башка улуттар бир айда эле кыргызча сайрап калышмак”

28-сентябрь, 13:27
1 307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамлекеттүүлүктүн эң башкы белгилеринин бири – анын тили. Мамлекеттик тил ар бир улуттун, анын иденттүүлүгүн аныктоочу фактор экендиги талашсыз. Дал ошол мамлекеттик тил күнүн утурлай, ага болгон камкордук тууралуу кеп козгоону туура таптык. Эне тилибиз – Кыргыз Республикасын аныктайт. Эң башкы байлыгыбызга жеткенибизге 32 жыл болуптур. Бирок дале дилибизди көкөлөтө барктай албай келебиз. 

Жакынкы күндөрү эле жагымсыз бир окуя болуп өттү. Ичине чоң көйгөй камтылган. Бирок биздин бир да манасчы, же тилчи болобу, коомдогу аттуу-баштуу адамдар үн катышкан жок. Көз жаздымда калды. Бул – кыргызча жооп бербеген орус кызды калькулятор менен чапкан мырзанын окуясы. Ал жаранга болушкан жерибиз жок, бирок окуянын ичинде улуттук көйгөй      катылып жатат. Жаран камалды. Эч ким үн каткан жок. Дагы ушуга окшогон окуялар кайталанса, кыргыздар камала берчүдөй. Биз кайсы жерде, кайсы мамлекетте кыргызча жооп ала алабыз? Корей, дунган болобу, тейлөө тармактарында коркок-билиштей орус тилинде жооп алабыз. Бул жерде көчөгө чыгып алып, “башка улуттарды кыргызча сүйлөсүн” деген кеп жүргөн жок. Мисалы, “Мегаком”, “Билайн” ж.б. тейлөө тармактарында иштеп жаткан улан-кыздардан кантип эне тилибизде жооп ала алабыз? Буга бир эле нерсе керек: элибиз мекенчил болуп, тейлөө тармагына жумушка алып жатканда кыргыз, орус ж.б. тилдерди билген кызматкерлерди ишке алуу зарыл. Ошону биз кантип жөнгө салсак болот? “Кыргыз тили бүгүн кандай абалда?” деген суроо менен интеллигенция өкүлдөрүнө кайрылдык.

Каныбек Осмоналиев, коомдук ишмер:

-- Кыргыз тилинин чыныгы багы же бешенеси такыр эле ачылбай койду. Мындай абалга биз, кыргыздар өзүбүз гана күнөөлүүбүз. Башында эле орус тилин расмий деп киргизип алып, эне тилибизди бечел абалга кептеп койгонбуз. Анүстүнө расмий бийликтерибиз орус тилин Россияга арналган “алмаштыруучу монета” катары көрүп, андан такыр чыга албай келишет. Эмне, орус туугандар мындай жалпактаган “эрдигибизди” баалап, бешенебизден сылап койдубу? Тескерисинче, какшыктап жүргөн орус досторум ого эле көп. Азыркы Конституцияда дагы өзгөрүүсүз калды. Эгерде биз өлкөбүздүн аймагында кыргыз тилибизди суу менен абадай керектеле турган кырдаалды түзгөнүбүздө, барктаганыбызда, анда башка улуттар бир айда эле кыргызча сайрап калышмак. Эми андай жолго баруу үчүн темирдей эрк керек!

Ленара Ниязбекова, коомдук ишмер:

-- Конституцияда “мамлекеттик тил” деп жазылганына карбастан, 30 жылдан бери тилибиздин багы ачылбай келет. Албетте, күндөлүк тиричиликте мамлекеттик тилде сүйлөө эркинирээк болду, муну моюнга алышыбыз абзел. Бул жагынан бүгүнкү күнгө чейин өркүндөтүүнүн усулдары так аныкталбай, мамлекеттик тил комиссиясы өзүнүн багытын таба элек. Анткени жогорку жетекчилердин тез-тез алмашуусу мамлекеттик тил боюнча алардын жалтанчаактыгы, маселени кабыргасынан койбогондугу да себепкер.

Маселени кабыргасынан койгон болсо, бүгүнкү күндө баардык иш кагаздар айлампасы мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек эле. Учурда Кыргыз Республикасынын иш кагаздары айыл өкмөттөргө чейин орус тилинде жүргүзүлөт. Бул орус тилинин жамандыгы эмес, мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан адамдардын чолок ойлуулугунан, алысты көрө билбегендигинен, коркоктугунан болуп жатат да. Анүстүнө коомдук жайларда башка тилдүү мекендештерге мамлекеттик тилди окутуунун, өздөштүрүүнүн толук усулу ушул убакка чейин иштелип чыга элек. Тилди үйрөнүүнүн усулдарын ар кайсы жактан көчүрүп алып жатабыз. Мамлекеттик тилди үйрөтүүдөгү адистердин чабалдыгыбы же жетишпестигиби, айтор, эне тилдин ийленген, тегирменден өткөн, “ушул усул менен мамлекеттик тилди үйрөтсөңөр сонун болот” деген системдүү иш-аракети жок болууда. Эмне үчүн бул иш-аракеттерге кайдыгербиз? Анткени мамлекеттик тил боюнча саясатты алып барып жаткан жетекчилердин чабалдыгы себепкер (!) деп ойлойм. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер