Урматбек Шамырканов: “Жалпы чыгымдар боюнча парламенттик комиссия иш алып барууда”
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары менен маек.
-- Баткен облусу боюнча келтирилген зыяндардын жалпы саны, жабыркаган турак жайлардын абалы тууралуу маалымат берсеңиз?
-- Бузулган курулуштар боюнча алсак, 129 турак үй жана 84 объект талкаланган: 1 мектеп, 1 ФАП, 1 бала бакча, 1 ИИМ имараты, 4 чек ара застава, 1 медцентр, 1 стоматология, 2 дарыкана, 1 китепкана, 1 өрт куткаруу бөлүгү, 27 АЗС, 34 соода түйүндөрү, 5 ашкана, 3 тойкана талкалангандыгы ӨКМ тарабынан изилденип аныкталды.
-- Чыгымдарды тактоо үчүн атайын комиссия түзүлдүбү? Комиссиянын курамына кимдер кирди?
-- Бүгүнкү күнү келтирилген материалдык чыгымдар боюнча ЖК комиссиясы иш алып барууда. Жалпысынан алганда, жарандык коргонуу кызматтарынан бирден кызматкер бекитилген.
-- Жергиликтүү элди азык-түлүк, биринчи керектөөчү буюмдар менен камсыз кылуу жагы кандай болуп атат?
-- Эвакуация иштерине тартылган күч каражаттар:
- ӨКМ – 16 бирдик техника, 214 кызматкер;
- автотранспорт кызматынан – 60 спринтер, 60 кызматкер;
- медицина кызматынан – 13 “тез жардам” автоунаасы, 35 медкызматкер иштеп жатышат.
Жарандарга жалпысынан жеткирилген гуманитардык жардамдын болжолдуу салмагы 572,931 тонна, анын ичинен 515,081 тоннасы жеткирилди. Кампага чогулган гуманитардык жардамдар 116,65 тонна сактоодо. Мындан тышкары, жарандар тарабынан жабыркаган аймактарга түз жеткирилген гуманитардык жардамдардын болжолдуу салмагы 359,2 тонна.
Гуманитардык жардамдарды ӨКМ тарабынан жүктөө, жерине жеткирүү, түшүрүү иштерине 120 өздүк курам, 17 бирдик автотехника тартылган.
Мээрим Асанова
"Азия Ньюс" гезити