Акыркы кабарлар
» Саясат » Шоу кеченин “дүжүр чалыбы”? Соке качан камалат? Коомчулук күтүүдө
Шоу кеченин “дүжүр чалыбы”? Соке качан камалат? Коомчулук күтүүдө
23-сентябрь, 18:35


Бу Соке тойлордун “фишкасына” айландыбы? Кайсы бай-манап, көпөстүн шоу-мааракесин албайлы, Сооронбай Жээнбеков шашып эт кесип, бурдап сугунуп отурган болот. Же болбосо тапталган, жаттап алган декламация сыяктуу тосттун айтып, көпчүлүктү тажатып жатканын байкайбыз. Тойлордун “дүжүр чалына” айландыбы?
Ириде экс-президент Кой-Таш окуясында сабалгандарга, Октябрь төңкөрүшүндөгү ок жеген балдарга, Үмүтбектин өлүмүнө жооп бербейби? Пандемиядагы шалаакылыкка, өлүмдөргө, коррупциялык иштерге көз жумабызбы? Эртеби-кечпи Соке сурак столуна отуруп, оор жаза алары шексизби? Айтор, суроолор арбын.











