Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » ОшМУнун ректору Кожобековдун “калбыры” чыгабы?

ОшМУнун ректору Кожобековдун “калбыры” чыгабы?

25-апрель, 23:33
4 908 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Буга чейин жамы журттун эсинде, мэр Жеңишбек Токторбаев ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобековду “коррупцияга батып бүттүңүз” деп жемелеген. Мандем бар беле? Эмесе, бир катар суроолорду кабыргасынан коёлу.

Ош мамлекеттик университетинде магистранттар жана сырттан окуу бөлүмүндө окуган студенттер таптакыр сабакка келбей эле акча менен бүтүрүшөбү? Көп жылдан бери схема орноп калганбы? Бул жагын мугалимдер, студенттер, ата-энелердин баары билишери айтылууда. Ректор Кожобековду башында ЖОЖдорду курировать эткен Расул Абазбек уулу калкалап, ортомчу болуп келгенби? Ушул өңүттөн алганда, Оштун УКМКсына кабар жетпей келгенби?

ОшМУда бүгүн 2 миңге жакын магистрант, 10 миңге чукул студент сырттан окушат. Бул жалпы студенттердин 20%дан ашыгын түзсө, башкача айтканда, 20% студент университетке келбей диплом алып жатышабы? Аныгында коррупциялык схеманын бетин жабыш үчүн “дистанттык билим берип жатабыз”, “санариптештирип таштадык”, “электрондук университетпиз” деп ректор Кожобеков президентти да, элди да алдап келатабы? Иш жүзүндө билимдин сапаты өтө төмөн экенин кантип жашырабыз? 

Адатта ОшМУнун ректору “дүйнөлүк рейтингде алдыда баратабыз” деп дайыма мактанса, муну уккан ата-энелердин ооздору ачылып (балдары университет бетин көрбөй диплом алышса), “дүйнөлүк рейтингге ушинтип кирет турбайбы...” деп жакаларын кармап жатышабы? Дүйнөлүк рейтингге жүз жолу киргениң менен студенттер окубай эле курстан курска көчүшсө, билимдин сапаты начар болуп турса, андай жасалма сыпаттоонун кимге кереги бар?! 

ОшМУнун бир нече факультетинде 2 миңге жакын чет өлкөлүк студенттер чек арадан Кыргызстанга өтпөй, “сырттан окушканы” чечмеленеби? Кожобеков ректор катары бул схемага каршы күрөш жүргүзбөй, мамлекеттик саясатка саботаж жасап отурса, министрлик чара көрбөйбү? Догдуркүл Кендирбаева окуу жайды текшертүүгө батынып, Кожобековдун ишмердигине качан баа берет? Же сөзсүз эле УКМК киришип, чекесинен камакка алып баштаганда эстерине келишеби? Суроолор арбын, бирок жооп бере алышпаганы таңгалдырууда.


Курманали Мамасали уулу 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер