Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Шаршекүл Аманова: “Жолдошум Эрлан Бекчороев абакта 11 айга жакын айыпсыз отуруп чыкты”

Шаршекүл Аманова: “Жолдошум Эрлан Бекчороев абакта 11 айга жакын айыпсыз отуруп чыкты”

08-ноябрь, 19:30
401 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Шаршекүл, жолдошуң абакта бир жылга жетпеген убак отурду окшойт. Ушу күндөрү Кемпир-Абадга байланышкан сот иштери кантти?

-- Жолдошум Эрлан Бекчороев айыпсыз абакта 11 айга чукул отуруп чыкты. Кылмыш курамы жок экенин буга чейин жактоочулар, “кемпирабадчылар” кеңири айтышты. Жалгандан токулган том менен таанышкандарында дагы эч нерсе жок экенин айтып чыгышты. Бир кишиге коюлган айыпты баарына окшош токушкан. Эми сот процесстери башталды. Бирок сот жабык макамда өтүүдө. “Кемпирабадчылар” жана алардын жакындары соттун ачык өтүшүн талап кылып жатабыз. Сот ачык болсо, бийликке жагыныш үчүн жөн эле камап койгон ИИМ өкүлдөрүнүн калпы чыкмак. Айтор, баарын убакыт көрсөтөт. КМШ өлкөлөрүнүн саммити Бишкекте өткөнүнө байланыштуу сот иши башка мөөнөткө жылдырылган.

-- Сот иши эмнеге жабык өтүп атат?

-- Бул ишке жашыруун гриф коюлгандыктан, жактоочулар дагы ачык эч нерсе айта алышпайт. Болгону күнөөлөрү жок экенин гана айта алышат. Андан башка иштин ичиндеги материалдарды ачыктоого кылмыш жоопкерчилиги каралган. Тескерисинче, соттук отурумду ачык өткөрүп, коомчулукка ачыктаса, баардык нерсе айкын болмок.


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер