Манас шаары кечээги кадрлардан тазаланып, качан жаңыланат?


Убагында Шайырбек Ташиев менен Жеңишбек Токторбаев колу жеткен жерлерге кадрларын коюп алышып, анан алардан тазалануу машакаты уланып келди. Башкасын айтпасак да, Манас шаарындагы мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгынан Темир Мырзаев кетип, орун басары Акинай Абдыкадырова калып калганы түшүнбөстүктөрдү жаратып жатабы? Ооба, бир топ ыңгайсыз суроолор бар. Бул айым Шайырбек Ташиевдин жакыны катары сыпатталып келсе, ушул убакка чейин кантип кызматында сакталып отурат? Жаңыланууга кандай себептер бөгөт болууда?
Буга чейин Манас шаарынын мамлекеттик каттоосуна жарандардын нааразычылыгы арбын айтылып келген. Мурдагы режимге таянуу менен баалуу мүлктөрдү өздөрүнө караштуу адамдарга каттатып келишкенби? Соттун чечимисиз эле кызыл китеби бар жер ээлеринин менчиктерин тартып алышып, каалагандай мамлекеттик актыларды чыгарып коюшчу беле? Мындай шартта карапайым адамдар жылдап соттошуп, акыйкатка жетпей келишкенин кантебиз? Жада калса, МИКтин үйлөрүн да мыйзамсыз курушканбы? Ортодон жөнөкөй жарандар жерлерин алдырып коюшса, алардын укуктарын коргоочу органдар барбы?
Ток этерине келсек, Ш.Ташиев менен Ж.Токторбаевдин кызыкчылыктарына жараша жүргүзүлгөн иш-аракеттерди кайрадан текшерип чыгуу вазыйпасы турат. Булардын кадрлары, “куйруктары” дагы деле болсо кесиле элек го? Жогорку бийлик жетекчилери көңүл бурабы? Негизи Манас шаарына “чычканга кебек алдырбаган” кыраакы адамды мэр коюшса болмок. Мамлекеттин өнүгүшү, кызыкчылыгы үчүн. Тилекке каршы, Абдупата Маткаликов аттуу өйдө-төмөн сүйлөгөн мэрди көрүп атабыз. Бул жетекчи жаңыланууга, өнүгүүгө, дээрлик реформа жүргүзүүгө кызыгабы? “Эски чырмоокторго” чалынып калганын сезеби? Бир эсе таңгаласың, өкүнүчтүү...











