Расул Умбеталиев, эксперт: “Айтмамат Назаров экономикалык чыккынчы”

-- Токтогул суу сактагычында суу аз чогулганы айтылып жатат. Ушуга байланыштуу быйыл электр энергиясына таңкыстык жаралышы мүмкүнбү?
-- Чындыгында суунун көлөмү жылдагыга салыштырмалуу аз, былтыр суу байлыгын туура эмес пайдаланып, 2 млрд. куб сууну текке агызып жиберишкен. Биринчи августка карата 14 млрд. 24 миллион куб суу толду. Улуттук “Энергохолдингдин” жетекчилери 1-октябрга чейин 15 млрд. куб суу топтой тургандарын билдирди. Бирок, күз-кыш мезгилдеринде электр энергиясын өндүрүүдө мындай көлөмдөгү запас аздык кылат. Анда апрелге чейин 8-9 млрд. куб суу калышы мүмкүн. Бул өтө кооптуу, коркунучтуу. Себеби, кийинки жылдын октябрь айында суунун көлөмү болгону 12-13-млрд. кубду түзүп калышы толук ыктымал. Сууну үнөмдөө керек экенин май айынан бери айтып келем, ага эч ким кулак салган жок. Жай мезгилинде керектелүүчү 22-24 квт/сааттык электр энергиясын өндүрүү үчүн секундасына 160-180 куб суу агышы кажет. Тилекке каршы, учурда 400 куб суу коё берилип жатат. Мунун басымдуусу, тагыраагы, 608 миллион квт/саат экспортко, калган 5-6 миллиону Кыргызстанда мыйзамсыз иштеп жаткан компанияларга колдонууга берилүүдө.
-- Сиздердин сунуш эмнеге эске алынбай жатат?
-- Казакстандын түштүк аймагында суу тартыш. Токтогул суу сактагычтан чыккан суулар коңшу мамлекеттин эгин талаасын сугарууга жумшалат. Эки өлкө ортосунда келишим түзүлгөн. Бирок, абалга жараша аны бузууга болот. Маселен, ушундай эле макулдашуу Тажикстан, Өзбекстан жана Афганистанда бар. Бирок тажик бийлиги кырдаалды түшүндүрүп, келишимди бузду. Биздикилер казак жетекчилигинен коркуп, бул жолго бара албай жатышат.Тескерисинче, Улуттук “Энергохолдинг” сууну итбекер берип, кышында 1 квт/саатты 3 сомдон сатып алганы турат. Бул республикалык бюджетке түздөн-түз зыянын тийгизет. Мындан тышкары, криптовалюта чыгарган майнинг компаниялар күнүнө 5-6 миллион квт/саат электр энергиясын колдонуп жатышат. Алар Чүй, Ош жана Жалал-Абадда күнү-түнү мыйзамсыз иш алып барышууда. Эгерде экспортко, майнинг компанилардын ишине бөгөт койсок, октябрга чейин 16,5 млрд. куб суу топтой алабыз. Бирок, Айтмамат Назаров экономикалык чыккынчылыка барып, улуттук кызыкчылыкты жактабай, өз элине кыянаттык жасап жатат.
Aнархан Алтымышова
Aryba.kg