Атыр Абдрахматова: “Элдин аң-сезими, деңгээли 7-чакырылыштын курамындай”

-- Жаңы чакырылыштын депутаттары алгачкы талкууларында эле бир топ сынга кабылды. Ушул көрүнүштөр боюнча кандай ойдосуң?
-- Азыркы жетинчи чакырылыштын курамынын сапаты – элдин күзгүсү. Мурунку шайлоолордо көбүнчө бийлик административдик ресурсту пайдаланып, керектүү, өздөрүнө ыңгайлуу адамдарын ак-карасына карбай алып келип алчу. Бул шайлоонун өзгөчөлүгү административдик ресурс болгон жок. Демек, эл канчалык жамандабасын, сын сөздөрүн айтпасын, канчалык түрдүү ысымдарга кондурбасын, алар өздөрүнүн өкүлдөрү. Элдин аң-сезими, деңгээли бүгүнкү 7-чакырылыштын курамындай. Эми калкыбыз өздөрүн күзгүдөн кандай экендиктерин көргөнгө мүмкүнчүлүк бар. Эгерде эл “ии, чын эле мындай болуш керек, бизге ушундай депутаттар жетиштүү” десе, анда жетиштүү. “Жок, жетиштүү эмес, биз деген өзгөрүшүбүз, өсүшүбүз керек. Жакшы реформаларга муктажбыз” десе, анда эл жыйынтык чыгарышы зарыл. Көпчүлүк жыйынтык чыгармайынча, өзгөрүү күтүлбөйт. Азыркы курамдын эң эле чоң өзгөчүлүгү ушунда болуп калды. Ошондуктан мен депутаттарды жаңы аттар менен атап, айрымдардын жекиргенине каршымын. Анткени, элдин өзүнүн тандоосу болду. Өзүбүз шайлап алып, кайра эртеси жамандагандын кажети жок. Бул – алдамчылык. Алардын тыйын-тыпырын алып, “тууган-туушканым” деп чуркап өткөргөнгө аракет кылгандар ошол жоопкерчилигин билишсин. Ошолор кылган жакшылыктарды да, жамандыктарды да шайлаган шайлоочусу тең бөлүшөт.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити