Бакыт Сыдыков “соодалаштыбы”? Айдаровдордун бири камалып, экинчиси безе качты эле...

“Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыков элге пайдалуу иштерди жасагандын ордуна, көмүскөдөн бизнесин гүлдөтүп, кылмышка айыпталган кудасын, жездесин куткаруу үчүн шугулданганы чечемеленеби? Ооба, биз жумшак маанайында суроо жолдоп, “иттин өлүгү кайда көмүлгөнүн” билгибиз келет. Депутаттын шектүү адамдарга арачыга түшүп жүргөнү кайсы логикага сыят?
Өткөн жылдын август айында экс-депутат Салайдин Айдаров кармалган. Уюшкан кылмыштуу топторду каржылоо боюнча айыпталганы эсибизде. Тергөө иштери, соту эмне болгону белгисиз, кызыгы, жакында Салайдин эркиндикке чыгып кеткени кабарланды. Айтмакчы, былтыр агасы Нургазы Айдаров качып кетип, артынан УКМК тарабынан издөө иштери жарыяланган. Бул эргул “Ата Журт – Кыргызстан” фракциясынын лидери Бакыт Сыдыковдун бир тууган жездеси. Өздүк булагыбыз билдиргендей, ака-үка “салимбайчылардын” кылмыш иштерин дал ушул Бакыт Үсөнович “көшөгө артынан” бүтүргөнү айтылууда, чынбы? Айдаровдор убагында ээлеп алган Оштогу “Интурист” мейманканасын жана базарын тартуу кылуу менен баштарын камактан бошоткону ыраспы? “Соодалашууну” Бакыт Сыдыков жүргүзүп, жездесин, кудасын сактап калса, ишке жараганыбы? Салимбай байбачага жүгүнүшкөн Айдаровдордун артында аңыз кептери толтура го? Каяктан байышкан, мамлекеттин мүлкүнө кантип ээлик кылышкан? Айтор, күмөн санаткан олуттуу соболдор арбын. Бири камалып, экинчиси безе качып, анан убакыттын өтүшү менен жымыңдашып, иштерин жаптырып алышса, шектенүү күчөйт го? Кыскасы, буларды кайра тергөөгө алууга да мезгил келсе керек...
"Азия Ньюс" гезити