Айбек Абдыразаковдун өнөктөшү Максат Абдыгуловдун жоопкерчилиги каралбай калганбы?

Кыргызда “Котур ташы койнунда...” деген кеп бар. Анын сыңарындай, ИИМдин 10-башкы башкармалыгынын орун басары Максат Абдыгулов жүргөн жеринде тымызын интрига жасап, өздүк курамды бөлүп-жарганга аракетин улантып келеби? Кесипкөй жетекчи, кызматкерлер бул эргулга ишеним көрсөтпөгөнү жөн жерден эмеспи? Ичине кара таруу айланбай атса кентесиң? Учкай соболдордон салып, өткөн чакка азыноолак кайрылалы.
Максат Абдыгулов качып жүргөн Айбек Абдыразаковдун өнөктөшү катары белгилүү. 2010-жылдын 7-апрелинен кийин ал “куйрук түйүп”, из жашырган. Кийин Алманбет Анапияев өлтүрүлүп, сөөгү Айбек Абдразаковдун машинасынын багажынан табылганы боюнча кабар тараган эле. Ыңкылаптан соң бул полковник бир катар оор кылмыш иштерине айыпталган, ошонун натыйжасынан улам өлкөдөн безип кетүүгө аргасыз болсо керек. Адамдарды кыйноо, зордук-зомбулук жасоо, көз тазалоодон бери аралашканбы? Тергөөнүн сыры катары көп нерсе азырынча ачыктала элек.
Айрым маалыматтар боюнча, Курманбек Бакиевдин кандуу режиминде Алманбет Анапияевдин таасири артып турган. Ага бир катар чиновниктер, бизнесмендер келиндей жүгүнүшкөнүн угуп калчубуз. Агезде Төрөбай Зулпукаров, Нурбек Алимбеков сыяктуу ишкерлер “бутага” алынып, көмүскөдөн кысымга кабылышканбы? Ошондо Айбек Абдыразаков менен Максат Абдыгулов ортого түшүмүш этишип, Алманбет Анапияевден ажыратып калууга ашыгышканбы? Ортодо пул ойнобосо, бекер жерден жардамга келишмек беле? Маркум каарманыбыз Төрөбай Зулпукаров менен Нурбек Алимбековго кыйла эле кастарын тиккенби? Айтор, бул өңүттө ачыкка чыкпаган көп сөздөр айтылып келет. Эң кызыгы, береги “ортомчулар” Молдомуса Конгантиевге таянып алышып, “жашылбайларды сындыруунун” кыныгын алышканбы? Агездеги коллегалары тирукмуш окуяларды, үрөй учурган көрүнүштөрдү бекер жерден айтышпагандыр... Натыйжада, “каралар” менен камыр-жумур аралашып кеткени үчүн Айбек Абдыразаковдун кызматтан кетип, бирок шеригин сактап калганы чынбы? А көп өтпөй кайрадан жумушуна келип, эски иштери менен шугулданганы айтылып келет.
Кызыгы, Максат Абдыгулов 2010-жылдын 7-апрелине чейинки жасаган иштери үчүн эмнеге жооп бербей, буйтап кеткен? Көшөгө артында көп былыктары бүксүп жатса, эртеби-кечпи ачыкталабы? Баам сала туралы. “Кой терисин жамынган карышкырдан” Кудай сактасын! Учурда 10-башкы башкармалыкта орун басар, а назилинде ишти артка тартып, билмексенге салып отурабы? Мындай кадрдын изине түшүп, текшериш керек да...
"Азия Ньюс" гезити