Ташиев тымызын түрдө бир талапкерди колдойбу?


Ооба, ар кандай божомолдор козуп келет. Ташиевдин акчасы жана электораты бар үчүн “критке чабылып” кетпей сакталууда. Чала жан арстан кейиптенип, бир эсе сес көрсөтүп жатканын кантебиз?
Сот аркылуу ооздукталып турган Камчыбек Ташиев октябрь айында акырындан кыймылдап баштап, көздөгөн талапкерин тымызын колдоп, келечекке карай камылгасын көрөрү реалдуулукпу? Ажодон кем эмес жүргөн адам көпчүлүктүн чаңында калгысы келбейт эмеспи. Ыңгайына жараша душмандары өч алышары айныгыс чындык, анүчүн алсырап калуу, саясаттан четтөө коркунучтуу, иштин бүткөнү да... Андыктан Ташиев күрөшүүсү керек. Реванш алууга, түрдүү амалдарды жасоого жарайбы? Бир жагынан бийлик тизгиндеп, экинчи тарабынан кастары тигилип, такымдап турушса, алдыга чыгуусу кандай болот? Ара жолдо калбайбы? Айтор, кыйын кезең... Убакыт өткөн сайын коркунуч карааны жакындап келатабы?











