“Кийинки президент Камчыбек Ташиев жана борбор шаар Жалал-Абад болушу керек”
-- Башында борбор шаар Жалал-Абад болгонун Камчыбек Ташиев бекер жерден айтпаса керек. Бул келечекке карай кагылган коңгурообу? Борборду көчүрүүгө кандай карайсыз?
Карамат Орозова, экс-депутат:
-- Борборду көчүрсө Баткенге көчүрүү керек. Ал – мезгилдин талабы. Анткени, Баткен эң көйгөйлүү аймак. Эки мамлекет менен чектешкендиктен, келишпестик кылымдар бою болуп, чыр-чатактар чыгып келген. Себеби, кошуналар кызыккан байлыктын баары Баткендин тоолорунда. Үч мамлекетти сугарган беш дарыя Баткендин тоолорунан түшөт, ал жерде кыргыз элин кылымдар бою бага турган алтын, алюминий, мрамор, нефти, баалуу таштар, сымап жана башка кен байлыктар көп. Баткендин экономикалык абалы да төмөн. Ошондуктан борборду которо турган болсо, Баткенге көчүрсө жарашмак.
Тазабек Икрамов, экс-депутат:
-- Камчыбек Кыдыршаевич тарыхта болгонун айтып өттү. Бишкек баардык жактан жетишкен шаар болуп калды. Эгерде келечекте борборду көчүрүү каралса, Жалал-Абадды тандоо кылганыбыз туура эле деп ойлойм. Башка региондордун өнүгүүсүнө да жакшы болот.
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:
-- Бул демилгени колдойм. Анткени, Бишкектин калкынын саны да көп. Элдин көптүгүнөн унааларга толуп, тыгындар көбөйүп жатат. Ошон үчүн борборду башка регионго которууну колдойм. Меним баамымда, борборду Суусамырга көчүрүш керек. “Чоң болом” дегендер жылуу-жумшак эле жүрө бербей суукка да көнмөк.
Нурлан Мотуев, блогер:
-- Бизде жазылбаган мыйзам боюнча түндүк менен түштүктүн “уурулары” башкарат. Садыр Жапаровдун мөөнөтү 5 жылда бүтөбү, 10 жылда бүтөбү, кийинки президент Камчыбек Ташиев болушу керек. Бул элдин баары моюндап калган факт. Экөөлөп өлкөнү өнүктүрүп жатышат. Кийинки президент Камчыбек Ташиев жана борбор шаар Жалал-Абад болушу керек. Мен борборду которууга оң карайм. Эгер Жалал-Абадды борбор кылсак, ал жактын да инфраструктурасы өнүкмөк.
Мирлан Орозбаев, активист:
-- Борбордун которулушу элибизге пайдалуу болсо, стратегиялык жактан туура келсе, жылдыра берсе болот. Коңшу мамлекеттерде деле Астана шаарын куруп, борборун алмаштырышкан. СССРден бери эле борбор өнүгүп, айыл жергесине анча маани берилбей келет. Стратегиялык көз караш менен караганда, борборду жылдарсак туура эле. Жалал-Абад эле эмес, борборду Баткен кылсак да жарашат.
Жалал-Абадга бекеринен борбор жылат (!) деген пикирлер айтылбагандыр. Асман шаары курулуп жатат. Борбор Балыкчыга да жылдырылып калышы мүмкүн. Себеби, Балыкчы тогуз жолдун тоому. Ары жагы Кытай, бери жагы Казакстан, андан ары Жалал-Абадга бат эле жете турган альтернативдүү трасса бар. Балыкчынын шамалы ыш дегенди айдап салып, Бишкектегидей маселе да жаралмак эмес. Бул ойду мен эки жыл мурун эле жазгам.
Мына ушул жагдайдын баарын эске алып, Жалал-Абадга борбордун жылуусу айтылып жатса керек. Жалал-Абаддын территориясы кең. Мамлекеттин борбору боло турган талапка жооп берет. Кыргызстандын картасын карасак, Жалал-Абад эң ортодо жайгашкан. Бекеринен Адигине бабабыз көз жоосун алган керемет жер Арсланбап тарапка барбаса керек.
Бишкек борбор болбой калса, жок болуп кетпейт. Өнүгөт, баштагыдай эле иштей берет. Баардык аймактар Бишкектегидей өнүгүп кетсе кана! Американы мисалга алсак, Нью-Йо́рк өтө чоң шаар болгону менен Американын борбору Вашингтон.
"Азия Ньюс" гезити