Надырбек Абдумаликов: “Бизден бир курс алгандан кийин адамдын саламаттыгы калыбында болуп калат”

-- Надырбек иним, император-каган укалоосунун негизги максаттары эмнеде?
-- Эң негизги максаты – биологиялык активдүү точкаларды тазалоо, жандантуу, туздардан арылтуу, организмди ойготуу, кан айланууну калыбына келтирүү, энергиянын циркуляциясын жакшыртуу, каналдардагы чогулуп, токтоп калган арам кандарды тазартуу болуп эсептелет. Башка укалоонун түрлөрүндө үстүртөн гана жасалып, ички жактары калып кетет. Эң негизгиси, император-каган укалоосун бир курс, мындайча айтканда, 10 күн алгандан кийин кан айлануу жакшырып, адамдын саламаттыгы калыбында болуп калат.
-- Көпчүлүк учурда Россияда, Казакстанда жүрдүң, а биздин эл бул укалоону канчалык билип, колдонуп атышат?
-- Биздин эл деле билип калышты. Көбүнчөсү бири-биринен угуп келип атышат. Коомчулукка жарнама кылбасак деле мурун алгандар издеп таап, ден соолуктарын чыңдап кетип аткандар жок эмес.
-- Кыргызбыз, эң ириде баасын сурайбыз. Арзан оокат дегенде баса калабыз, ушу жагын айтып коёсуңбу?
-- Ден соолук “кеткенден” кийин миллиарддаган акча коротсоң да аз болуп калат. Өткөндө бир кызык маалымат окуп калдым, адамдын бир эле мээсинин функциясын аткара турган аппарат ойлоп табыш үчүн 3 триллион доллар сарпталат экен, ал деле аздык кылат дептир. А бизде башка органдар толтура да. Өзүңүз билгендей, Россияда, Казакстанда иштеп жүрдүм, алар акчасын сурабайт. “Баурым, каншадан?” дейт, мен 15000 теңге десем, “мен сага 20000 берейин жаксылап истеп берши?” дейт. А орустарга 100 доллар десем, сураган баамды соодалашпай таштап коюшат. Өзүбүздүкү кайсы бааны айтпа, “ден соолугум жакшы болсун” дебей, “акчам кетип калат экен” дешет. Анан кантип шыпаа берсин? Эми ошондой болсо да бааларын айтып коёюн. Негизги баасы бир күнгө 2000 сом. Мүмкүнчүлүгү жокторго баасын кыйла түшүрүп атам.
-- Надырбек, баары түшүнүктүү болду, кардарлар кантип байланышат?
-- Вотсап номурум: 0778-407-340.