Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ойлордун агымы менен жашаган Актилек Гүлжигит кызы

Ойлордун агымы менен жашаган Актилек Гүлжигит кызы

11-февраль, 12:32
2 932 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Теле алып баруучу Актилек Гүлжигит кызы кезектеги ой-толгоолору менен өз баракчасынын бөлүштү. 

Таң сүрүп келатат. Макала жазып отурам. Терезеге үңүлсөм, жаз ырын ырдап аткан жамгыр карга айланыптыр. Февралдын онунчу түнү ылай көчөмө ак боёк сүртүп кетиптир. Ойлор агыла баштады. Көз талыды. Макаладан ою бурулган мээ эки сааттан бери кулакта ырдап аткан ырдын мазмунуна маани бере баштады. "Арман". Неге позитивдүү макала жазып жатсам да, армандуу ыр угуп отурам? Мээ суроо салып атат. Жүрөк унчукпайт. Эмне десин? Байкуш жүрөгүм дүйнөнү терметкен сезимди сезип көрө элек болсо... Сүйө элек болсо... Кагышы бирдей жан шеригин таба элек болсо...

Ким? Сөз айткандар көп эле го. Баягы, Бишкекке чейин келип күткөн чет өлкөлүктөрбү? Алардын аялдарга болгон аяр мамилеси көңүлдү жибитет. Кыргызча сүйлөгөндү үйрөнүп, кыргызыңдын тарыхын сенден ашып окуп, Бишкегиңе калпак кийип келбеди беле? Демек, сүйө турганы анык. Мүмкүн, чалгынчы жигиттир? Мүмкүн... Жок... Билбейм...

Же, жанагы биз жакка каттаган автобусту айдаган жигитпи? Маңдайында илинип турган айнегинен канча ирет көзүбүз менен сүйлөшүп жол жүрдүк. Кээде башка маршрутка отурбай, кечигип жатсаң дагы ошо жигит айдаган автобусту күтүп жүрөсүң го! Канча жолу бир парча кагазга телефон номуруңду жазып алып, жол кире менен кошо берем дейсиң, даай албай койдуң го! Алчы? Акча карматып атканда сага номуру жазылган кагазды бербедиби? Жазбай жүрөсүң. Сүйсөң жазмаксың да. Жактырып эле жүрөсүң го... Жок, бул сүйүү эмес болсо керек...

Мээ дагы өзүнүн шартын айтат. Колунда барларды тандайт. Эч нерсеге зарыкпай жашайсың дейт. Бирок бүткөн боюң, жандүйнөң менен кабыл ала албасаң, кантип? Кантип колун кармайсың? Бир үзүм нанды бөлүп жеп, сезимдер менен ойношуп, эркелешип жашаганга не жетсин?...

Токто. Кайдагы сүйүүнү күтүп атасың? Балдарың кандай шарт койду эле? "Күйөөгө тийсең чоң атабызга кетебиз, сени менен жашабайбыз", - деди го! Кой, жүрөктү укпа. Үч шумкарың бой керип келатышат. Бар байлыгың ошолор. Сүйөт элем, аял элем деп атып балдарыңды иренжитип алба... Эмне болсо да, сүйүү күткөн киши болуп жашай бер...

Жүрөк менен турмуштун күрөшү бүтпөйт... Ойлордун агымы түгөнбөйт... 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер