Алишер Козуев түштүктөн чыккан “көзүр” болобу?


Кара-Суу районунан арбын добуш алып, устаты Искендер акенин ордун басып, бүгүн дуулдап турган Алишер Козуевге кантип баа бербей коёлу? Жаш саясатчылардан ирдүүсү, таасирдүүсү да өзү. Себеби, сүрөгөн шайлоочулары бар, элине таянат да.
Алдыдагы аламанда кай тарабына ишарат кылып, кимди тандайт болду экен? Оозунда сөзү, калтасында капчыгы бар Алишер мырзанын колдогон талапкери Кара-Суу, Оштон алдыга озуп чыгабы? Негизи аймактагы лидерлер жөлөп-таяса, көп нерсе чечилет, мындайча айтканда, илгертен эле дандуу депутаттардын аркасынан ажолордун өтүп келгени белгилүү го? Төлгө салынып аткандыр...
Азырынча каарманыбыздын жүрүшү жакшы, саясаттан мүдүрүлө элек. Мындай жорго салышы менен түштүктөн чыккан “көзүргө” айланабы? Башынан “эки достун” интригасына аралашпай, а жагынан бийик болуп, калыс позициясы менен Алишер Козуевдин аты чыгып атса, лидер катары өскөнү ушул эмеспи. Эми президенттик шайлоодо кимди колдой турганы көпчүлүктүн бүйүрүн кызыта баштады...











