Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эки президентти жардан кулаткан Досалы Эсеналиев жазадан оңой кутулдубу?

Эки президентти жардан кулаткан Досалы Эсеналиев жазадан оңой кутулдубу?

12-июль, 15:50
1 930 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Курманбек Бакиевдин кандуу режими тушунда Досалы Эсеналиев президенттик администрациянын орун басары эле. 7-апрелдеги төңкөрүшкө аз калганда “куйругун түйүп”, кызматын таштай качканы эсибизде. Кеме чөгүп баратканда келемиштер качканын элестетип атасызбы? Кандай образдуу ээ? 

Ошентип, Бакиевдин үй-бүлөсү бийлигин тарттырып жибергенден соң, Досалы Эсеналиев ар кайсы бай партияларда пиар менеджер катары иштеп, курсагын тойгузуп жүрдү. Мерчемин күтүп келип, акыры анын карьералык кыялы орундалды. Президенттин аппарат башчылыгына секирик жасап, Сооронбай Жээнбековдун ишенимине кирип, бийликтин багытын тескери жолго бурууга салым кошуп, кыянатчыл аракетин айгинеледи го? Эгерде Досалы ак иштеп, саясый кырдаалга туура анализ жасаганда, октябрдагы башаламандыкка жеткизмек эмес. Тескерисинче, “каарманыбыз” чалмакейди чалып туруп, төңкөрүштөн кийин ийинин куушуруп, жыла басып кеткени кайсы логикага сыят? Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп туруп, ушул күнгө чейин билмексен катары жүргөнү уят! Мындай шектүүнү суракка алып, купуя сырларды жүрөгүнөн сууруп туруп, жазасын бериш керек. Канча кан төгүлдү? Башкасын айтпасак да, сөзсүз түрдө моралдык күнөөсү бар! 

Эки президентти жардан ары түрткөнгө салым кошкон Досалы Эсеналиевге эртеңки тарых тескери жазылары ырас. Бул бийлик кечирип койсо, кийинки келгендер тагдырын жарга асары калетсиз. Айтор, тымызын кылган иштери, айыптары ачыкталып, эртели-кеч катаал күнгө кабылабы? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер