Акыркы кабарлар
» Саясат » Сокенин “ырымдалганы” бүтсө, тойлорду токтотуп, көп иштерге жооп береби?
Сокенин “ырымдалганы” бүтсө, тойлорду токтотуп, көп иштерге жооп береби?
19-сентябрь, 20:15


Соңку убактарда Соке той-аштардан калбай, ким чакырса эле жетип барып, төргө отурганды адатка айлантып алыптыр. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, ушул жагын өнөр тутуп алганбы? Кызык. Убактылуу “ырымдалса” эле баары унутулуп калабы? Жо-ок! Кой-Таш окуясы, Самат Курманкуловдун майып болуп калышы, ковид пандемиясындагы шалаакылык, Октябрь төңкөрүшүндөгү ок жеген жаштар, Үмүтбектин өлүмү ж.б. А көмүскөдөгү коррупциялык иштери унутулабы? Албетте, азырынча Сооронбай Жээнбековго жыргал жашоо болуп жатса, убакыттын өтүшү менен суракка алуу мезгили да келиши керек, туурабы? Эл карап турбайбы! Эртеби-кечпи жооп бериши зарыл го? Шашпай турсун, мамлекеттин укуругу узун...











