Нурбек Букуев орун басарлыкка алымсынбай атабы? Министрлик көздөн учуп...


Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмоновдун жооштугунан пайдаланышып, интриганын казанын кайната башташыптыр. Бул тармакты кылдат талдоого алуу керек. Эмесе, чекесинен баштайлы...
Жакында орун басар болгон Нурбек Букуев “сам” болууга ашыгып, тымызын чуркаган кербезиби? Бул жигит Улуттук онкология борборун жетектеп турганда улам сөгүш алып, чуулганы чыгып, кызмат ордуна калуусу өкмөттөн бери каралары каңкууланып, тагдыры тайып турган эле. Бирок күтүүсүздөн жолу ачылып кетти... Медетбек Букуев башкы кеңешчи эмеспи. Мындай шартта бала Букуев атасынын колдоосу аркылуу орун басарлыкка чейин жетип, натыйжада, министрликти мелжеп калса, келечегин кантебиз? Бизде профессионал кадрлар четке сүрүлүп, “кол ийрисине тарткан” өзүмчүлдүк өркүндөй береби? Сыягы, соболдор арбын.
Ток этерине келсек, министрликте кызмат талашуу башталып атса, элдин саламаттыгын жакшыртууга, реформа кылууга аракеттер көрүлбөйбү? Өкмөт башчы Алешович да жумшак, жүрөгү назик болуп атпайбы... Ошондо кандай кылабыз?











