Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Генерал Суваналиев контрабандага каршы күрөшкө чыкса, бут тосуулар башталды

Генерал Суваналиев контрабандага каршы күрөшкө чыкса, бут тосуулар башталды

05-март, 17:31
7 150 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Баткен облусунун губернатору Өмүрбек Суваналиев контрабандага каршы күрөшө баштаса, өкмөттөн бут тосуулар башталыптыр. Бул жагынан так маалыматтар бар. Бекмат Масаидов аттуу өкмөттүн уюштуруу бөлүмүндөгү “майда кадр” интирганын “дирижеру” болууда. Албетте, бул адамдын артында чоң фигуралар турушу мүмкүн. Эң башкысы, Бекмат алысты көрө билбей, генерал Суваналиевди каралатып, өкүл баласын кызматка алып келип алганы боюнча “урдуруп”, калп маалыматтарды таратканы кандай? Аныгында, тастыкталган жок. Кептин төркүнүнө келсек, Суваналиев контрабандага күрөшүү процессин баштаганда эски системанын өкүлдөрү кутум жасашып, бүлүк сала башташкандай. Жаңы бийлик ырааттуу системага түшүү менен туура багыт бербесе, аягы жакшы болбойт го? Баягы эле Икрам Илмиянов, Жеңиш Разаковдун схемасы иштей бериши керекпи?..

Береги Бекмат Масаидов Баткендин Кулунду айылынан болот. Ошол аймакта жашыруун кампалар, отузга жакын заправкалардын ачылганы эмнеден кабар берет? Аз күндө кошумча маалымат беребиз.



Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер