Темирбек Ажыкулов: “Экономика, ишкерлик жакын арада жанданбайт”
-- Пандемия ишкерлерге оор соккусун көрсөттү. Бүгүн абал кандай?
-- Ишкерликтин абалы өтө эле оор. Тигүү тармагы жок болду. Туризм таптакыр болгон жок. Чет жактан туристтер келген жок. Соода багыты басаңдаган бойдон турат. Азыр күнүмдүк эле кафе-ашканалар акырындап иштеп жатышат. Бирок, башка тармактардын баары кыйын эле акыбалда. Чек аралар ачылып, карым-катнаштар көбөймөйүнчө экономика жанданбайт.
-- Маалыматка караганда, каржы министрлиги тарабынан 2,2 млрд. сом жана Улуттук банк тарабынан кредиттик аукциондор аркылуу 2 млрд. сом бөлүнгөн. Жеңилдетилген кредиттер берилмек эле...
-- Ооба. Март айынан бери айтылды. Көрсөтүлгөн программа экономикалык жана социалдык туруктуулукту калыбына келтирүүгө жана камсыздоого, коронавирус инфекциясынын жайылуу учурунда ишкерлик субъекттерди колдоого багытталган. Мына азыр август айы аяктап баратат, бирок эч кандай жылыш дагы, жеңилдик дагы болгон жок. Алар пандемия курчуп турган учурда бөлүнгөн, бериле турган акча эле. 4,5 млрд. атайын бөлүнүптүр. “Беребиз” деген сөз айлап-жылдаган убакытка созулуп кетүүдө. Булардын берген ал каражаты биздин көп деле көйгөйлөрдү чечип жибербейт. Ички дүң продукциябыздын көлөмү 7 млрд. доллар. Анын жанында бул акча эч нерсеге жарабайт.
-- Миллиондогон кредит алган ишкерлердин абалы кантти?
-- Төлөй албай кыйналып, банкрот болгондор көп. Бул пандемиядан улам кыйындап кетти. Логистика кымбаттады. Ички рынок керектөөнүн төмөндөшүн шарттады. Баары көңүл чөгөрлүк. Жакшы эмес...
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити