Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Расул Умбеталиев: “Министр Бекмурзаев бир жыл аралыгында эч кандай реформа жасай алган жок”

Расул Умбеталиев: “Министр Бекмурзаев бир жыл аралыгында эч кандай реформа жасай алган жок”

27-май, 11:38
1 000 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кышы бою электр энергиясынын жетишсиздиги жаралып, чектөөлөр болуп чыкты. Бул тармакка, министр мырза Доскул Бекмурзаевге да  нааразычылыктар арбыды. Электр энергия тармагында көзгө көрүнөрлүк иштер болуп жатабы?

-- Министр кызматка келгенине 8-июнда бир жыл болот. Бир жыл мурун Доскул Бекмурзаев өнөр жай, энергетика министри болуп дайындалган. Бирок эч кандай кескин түрдө реформалар болгон жок. Бекмурзаев жаңы министр болгондо Токтогул ГЭСине журналисттерди чогултуп алып, “мен кескин түрдө реформа кылам, энерготармакты жакшыртуу, астыга жылдыруу чараларын көрөбүз” деген убадасын берген. Арадан бир жыл өтсө да эч кандай өзгөрүү болгон жок. Кыш мезгилинде чектөөлөр, өчүрүүлөр болуп жатты. Ар бир үйгө 5 кВт/сааттан ашык берген жок. Негизинен 5 кВт/саат бир үй-бүлөгө жетишсиз. 1-марттан баштап баардык аймактарда жалпы өчүрүүлөр болуп эле жатат. Кептин баары үнөмдөө маселесинде. 

Өткөн жылы министр казактар, өзбектер менен үч жылдык келишим түзүп, биз 1 млрд. 650 млн. кВт/саат алдык. Эми үч жылдын ичинде ушул алган  кВт/саатты кайтарып беришибиз шарт. Жай мезгилинде, эң ысык саратан убакта Өзбекстан менен Казакстан сугат сууга муктаж. Аларга электр энергия керек эмес, суу керек. Биздин өлкө үчүн бул келишим зыяндуу болуп жатат. Эч кандай пайдасы жок. Алар өз убагында айыл чарбага керектүү мөмө-чөмөлөрүн сугарып, жемиштерди, мөмөлөрдү аябай чогултуп алышты. Былтыр декабрь айында Акылбек Жапаров Астанага барганда Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин ыраазычылык билдирип, “550 млн. куб сууну биз ашыкча алдык” деп белгиледи. Бирок бул маалымат элге ачыкталган эмес. 

-- Бул жылы кандай болор экен?

-- Бул жылы да былтыркыдай болот. Суунун көлөмү, агымы аз. Жайында ашып кетсе 12 жарым млрд. куб суу топтойбуз. Кайра эле кышында кыйналып чыгабыз.   Өчүрүүлөр, чектөөлөр болот. 

-- ГЭСтерди куруу демилгеси көтөрүлүп атат го?

-- 3-4 млрд. кВт/саат жетишсиз болуп, ошонун негизинде биздин экономикабыз өнүкпөй, өспөй жатат. Көп мекемелер, ишканалар, коммерциялык компаниялар “электр энергиянын көлөмүн көбөйткүлө” десе, энергиянын жоктугунан кайдан берсин. Бул абал түздөн-түз экономикабыздын төмөндөшүнө таасир тийгизүүдө. Жаңы ишканалар ишке кире албай жатат. “Кичи ГЭСтерди курабыз” дегендери жөн эле куру убада бойдон калууда. Алдыга жылуу жок. Биз кошуна Тажикстандан да артта калдык. Тажикстан үч жыл ичинде ГЭСтерин куруп алды. 

Чындыгында энергетика тармагына кескин түрдө реформа кылбаса, баягы эле көрүнүш улана берет. Ал эми министрдин көзгө көрүнөрлүк эч бир иши жок. Элдин сунуштарын четке кагып, “өзүбүз кылабыз” деген менен иштери жылбай эле. Мен реалдуу сунуштарды берсем, уккусу да келбейт. Бир жумадан кийин кайра Өзбекстан, Казакстанга сууну коё беребиз. Күз келгенде кайра баягы көрүнүш. Келишимдери кыргыз элине пайда эмес, зыян алып келүүдө. “Малчы көбөйсө мал арам өлөт” дегендей, бюрократия орун алууда. Стратегиялык программа, план деген жок.  


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер