Полковник Азамат Токтоналиевдин ишмердиги эл аралык деңгээлде бааланууда


ШОС, Көчмөндөр оюндарына карата Бишкектеги коопсуздуктун сакталышы жогорку деңгээлде болду. Буга эл аралык байкоочулар да назар салышып, кыргыз милициясынын иштөө ыргагы, тажрыйбасы артканын баамдашыптыр. Албетте, кубанарлык көрүнүш!
Мындай жетишкендикти Бишкек ШИИББ начальниги Азамат Токтоналиев камсыздаганы, анын уюштуруучулук иш-аракети менен болгону талашсыз. Каарманыбыз кыйындыгын жасаган жумушу аркылуу тастыктап келет. Бишкек шаарынын башкы милициясы болгонуна үч жылдан ашты. Аныгында Азамат Токтоналиевдин туруктуулугу, ишенимдүү жетекчи экени далилденип, оор сыноолорду артка калтырып келатат. Мындай кадрга тийешелүү деңгээлдеги сый-ургалы берилиши керек.
Айтмакчы, сөзүбүздүн соңун салыштыруу менен жыйынтыктайлы. “Сакадай бою сары алтын” деп убагында Саякбай манасчыга айтылса, азыркы тапта бул кеп Азамат мырзага жарашып турат. Себеби, ал жакшы сөзгө татыктуу болууда. Ийгиликке кызара бөрткөн эмгеги, кажыбас кайраты, ишбилги жүрүшү менен жетүүдө. Эмесе, алдыдагы дагы далай ашууларды багындыра берсин...











