Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күйөөм курбум менен ресторандан жолугушарын угуп, аңдып бардым...

Күйөөм курбум менен ресторандан жолугушарын угуп, аңдып бардым...

11-ноябрь, 12:38
3 959 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бир айдан бери башкача. Ушу точно менден жашырган бир нерсеси бар. Сөз баштасам көздөрүн ала качып, тайсалдап кетет. Жумушунда да көп кармалчу болду. Кечээ поликлиникага баратып, ресторандан чыгып келатканын көрүп калдым. Чалып сурасам, түшкү тамактанууга келгенин айтты. Турмуш курганыбызга тогуз жыл болду. Эки уулубуз бар. Идеалдуу үй-бүлөбүз деп айта албайм. Кээде зеригип кеткенде концерт коюп турабыз. Жолдошум аябай камкор адам. Муздаткыч бош туруп калса чый-пыйы чыгып кетет. Ар дайым курсагыбызды ойлоп, күн сайын чалып, «тамак ичтиңерби?» деп сурап турат. Анан дагы «өзүңдүн айлыгыңды өзүңө корот, үйгө меники деле жетет» деп койгон. Бир жолу эмгек акымды алып, үйгө азык-түлүк көтөрө келгем. Аны көрүп, катуу таарынган. Ошондон бери тапкан акчамды өзүмө коротом. 

Бир жолу сыртта балдары менен итке кепе жасап жүргөн. Мен үй оокаттары менен алек элем. Бир маалда көзүм тумбочкадагы телефонуна түштү. Акырын бырып жандырдым. Паролун билем – баш кошкон күнүбүз. «Контакты» деген функциясын басып, аттарды карай баштадым. Көргөн көзүмө ишенбедим! Курбу кыздарымдын номерлери жүрөт. Алар менен көптөн бери көрүшө элек элем, бул кайдан таап алган? Колдорум титиреп, телефонун жерге түшүрүп алдым. Дароо ордуна коюп, бөлмөмө чуркап кеттим. Баары бүттү. Ыйлап кирдим. Андан бери бир жума өттү. Көңүлүм жок жүрсөм, билмексен болуп «эмне болду?» деп коёт. Баарын айтып, чекит коюп койгум келди. Бирок, бир нерсе кармап турду. 

Тамактанып отурсак бир номер чалды«шап» туруп залга кирди. Акырын басып барып тыңшасам, бүгүн саат жетиде, бир ресторандан жолугарын шыбырап жатыптыр. Ордума келип, билмексен болуп отуруп калдым. Кечинде жумуштары бар экенин айтып чыгып кетти. Туптуура саат жетиде тигинисине айтып жаткан ресторанга барсам, алдында күйөөмдүн машинасы токтоп туруптур. Ачуум менен дөңгөлөгүнө бир тептим. Анан ушундай күч менен ресторанга учуп кирсем, «куттуктайбыз!» деп эски курбуларым, коллегаларым, классташтарым, ата-энем, бир туугандарым тосуп алышты. Күйөөм гүл көтөрүп чыгып, «Агент 007им» менин! Туулган күнүң менен!» деди. Тууй ата, бүгүн туулган күнүм эмес беле! Мына сага сюрприз!

http://bilesinbi.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер