Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Мендей “тормоздорго” сабак... Тартынып жүрүп ырчы Алтынайга да жетпей калдым

Мендей “тормоздорго” сабак... Тартынып жүрүп ырчы Алтынайга да жетпей калдым

21-май, 21:37
1 688 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мен ишкерлик менен алектенем. Отуздан ашып, эми үйлөнүүгө чыгынып жүргөн элем да. Көптөн бери Алтынай Асанбекованын ырларын угуп, жактырып жүргөнүм ырас. Таанышууга жол издеп, бирок анча аракет кылбай койдум окшойт. Азыр өкүнүп отурам. Жакында эле соцтармактан Алтынай жигит тапканын, аны да сүйөрүн айтып, шагымды жаман сындырды. Ошондон бери эч нерсеге көңүл жок. Тамак да жүрөккө баспайт. Өзүмдүн мококтугум жан кейитти, бир жылдан бери таанышууга батына албай, сүрдөп жүргөнүмдүн аягы ушул болду. Убакыттан уттурдум. Көрсө, Алтынай деле отуздан ашып, экөөбүз теңтуш эле экенбиз. Мен аны он жаштай кичүү го (?) деп ойлогом. Эми эмне кылмакчымын? Алтынайга бакыт, чыгармачылык ийгилик каалайм! “Багы жокко дагы жок” дегендей. Чын жүрөктөн сүйгөн ырчыма жетпей калдым. Мендей тартынып жүргөн “тормоздорго” сабак болсун. Эгерде кыз жагып калса, түз эле барып махабатыңды билдиришиң керек тура. Мындан ары шымымды чечип алса да өз сүйүүм үчүн күрөшпөсөм. Аттиң, депрессияга кабылып жатам... 


     Илгиз, ишкер  

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер