Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камчыбек Ташиевдин көздөй кадры, өкүл баласы беле? Азенбек Козукеев үн катса...

Камчыбек Ташиевдин көздөй кадры, өкүл баласы беле? Азенбек Козукеев үн катса...

08-август, 14:08
3 092 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

      Өтө өкүнүчтүү... Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальниги Азенбек Козукеев иштегенден бери автокырсыктар кескин түрдө көбөйүп, согуштагыдай эле жарандарыбыз кырылууда. Моралдык жоопкерчилигин кантебиз? Бул боюнча коомчулук катуу кабатырланып келет. 

     Өздүк курам деле начальниктин жеткен дараметин, алсыз жетекчи экенин түшүнүп калышыптыр. Айтмакчы, Азенбек Козукеев убагында Камчыбек Ташиевдин көздөй кадры катары өсүп, карьера жасап келсе, а эмнеге тазалануу саясатынан кыйгап өткөн? Баары эле билишет турбайбы? Кечээ Ташиевдин өкүл баласы катары төш кагып жүрдү беле? Эмне үчүн көмүскөдөгү былыктары текшерилбей келет? ИИМдин ички иликтөө кызматында кыңыр иштери, дос-туугандык чалмакей жүрүштөрү боюнча маалыматтар болсо, эмнеге ачыкталбайт? 

     Кыскасы, мезгили келгенде Азенбек Козукеев көп суроолорго “буту күйгөн тооктой бийлеп” жооп береби? Күтө туралы. 

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер