Орунбек Казыбеков кимдин чөнтөгүн ысытты?

Жалал-Абад ОИИБ начальниги Марлис Асановдун орун басары жумуш убактысында ичкилик ичип кармалып, кызматтан кетүүгө мажбур болуптур. Анын ордуна Оштон Орунбек Казыбеков чуркап, тийешелүү жетекчисине, мындайча айтканда, “крышасына” берчүсүн бергени тар чөйрөдө айтылып атканы эмнеси? Оозу бош беле? Ошондо кимдин чөнтөгүн ысытты экен? “Аңгектен качсаң дөңгөккө” дегендей, орун басарларын башкара албаган Марлис Асанов жетекчи болуп деле кыйраткан жок. Кайсы жерде жүрбөсүн дайыма артынан тескери сөз ээрчитип, же чуулгандын ичинен чыкмайы бар. Бурулайдын өлүмүнө шалаакылык кылганы түбөлүккө маңдайына “мөөр” катары басылып калды да. Убагында Марлисти өкүл атасы Данияр Абдыкаров жасалма жол менен карьералык секирик жасатып, ошонун айынан дагы эле бышпай жүрөт. ИИМ ушундай итиркейди келтиргендерден качан тазаланат?
"Азия Ньюс" гезити