Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Министр Иманалиев чара көрөбү? Ректор Кожобековдун кыянатчылыгы боюнча...

Министр Иманалиев чара көрөбү? Ректор Кожобековдун кыянатчылыгы боюнча...

07-июнь, 22:49
1 173 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ааламдашуу заманында өнүгүүнүн жолун таппай, экономикалык кризистен башы чыкпай, идеологиялык башаламандыкка учурап келген Кыргызстанды “оң жолго салам” деп президент Садыр Жапаров өнүгүү программаларын кабыл алып, “оңолуу адамды тарбиялап, туура жолго багыттоодон башталат” деп "Инсандын руханий, адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы”, “Улуттук нарк жөнүнүндө” жарлыктарын чыгарып, аны жүзөгө ашыруу үчүн министрлер кабинети токтомдорду кабыл алган. “Манас” мыйзамы да көтөрүлгөн эле. Мунун автору Каныбек Иманалиев. Натыйжада, көзөмөлдөнөбү? Ага деле көңүл бурбай, мамлекеттик саясат каякка багыт алганын түшүнбөгөн жетекчилер четтен чыгат. Ошондой билген намазын окуган башчылардын бири ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков. 

Негизи бул эргул 2021-жылы ноябрда Акылбек Жапаровдун буйругу менен иштен алынган, анан жердеши төраганын кеңешчиси болуп, “айдап алып, байлап кел” деген иштерди жасап жүргөн Нурлан Сулайманов ортого түшүп атып, “сактап калган” жайы бар. Колунда илим доктору диплому болгону менен жарытылуу интеллектиси жок Кудайберди Кожобеков андан кийин да ишинде чоң кемчиликтерди кетирген. Мисалы, өткөн жылы өлкөдөгү 5 университетке өзгөчө макам берилип, адистиктерди ачканга, стандарттарды иштеп чыкканга жана башка ушул сыяктуу артыкчылыктар жана кеңири мүмкүнчүлүктөр берилген. “Лөлүдөн баатыр чыкса өз элине кол салат” болуп, эки тизгин бир чылбыр колуна тийген ректор К.Кожобеков чолок акылына салып, ОшМУнун бардык факультеттеринде окутулуп келген Манас таануу дисциплинасын кыскартып, окуу планынан алып салган. Азыркы учурда ОшМУда Манас таануу предмети окутулбайт. Бул кыянатчылык! Президент С.Жапаров болсо “кадр жок” деп маселе коюп жатат. Көкүрөгүндө улуттук сезимдин учкуну жок, колунда диплому бар бүтүрүүчүлөр чет мамлекеттерди көздөй “сызып” жатса, кайдан кадрлар болот? Манас таануу предмети аркылуу мамлекеттин идеологиясы ишке ашып жатканын саясый билими тайкы ректор кайдан билсин? Манастын туусун көтөрүп, “Манас” деп китеп жазып, ураан чакырып жүргөн билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев буга чара көрөбү, же “төө көрдүңбү жок, бээ көрдүңбү жок” дейби? Саресеп сала туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер