Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Альянсчылар” Мирлан Жээнчороевди сүрмө топко түртүү менен “белин сындырышабы”?

“Альянсчылар” Мирлан Жээнчороевди сүрмө топко түртүү менен “белин сындырышабы”?

20-апрель, 19:24
768 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Алгач Өмүрбек Бабановдун акчасы, колдоосу менен Мирлан Жээнчороев депутат болгон. Кийин өз алдынча “мөңкүп”, 2021-жылы “Альянс” партиясына кошулуу менен парламентке аттанган. Жетиштүү добуш ала албай, четке сүрүлгөн эле. Учурда Ленин округунан парламенттик шайлоого Мирлан Жээнчороевдин аттанарын пиар кылышып, Жанар Акаев коштоп спикер Нурлан Шакиевге киргизип, андан соң “Ынтымак”, “Ишеним” фракция лидерлерине жолуктурушуп, бийликчил талапкер катары жымсалдап жатышат. Айтор, козуй башташты. Далдоодо башкаруучу Алтынбек Сулайманов турат. Негизинен “альянсчылар” тобокелдикке баратышат. Булар сүрмө топко Мирлан Жээнчороевди түртүп атышканы ырас. Бул жолку шайлоо өтө оор өтөт. Белгилүү коомдук ишмерлер, таасирдүү фигуралар, капчыктуу ишкерлер жана бийликтин “жүгүрүктөрү” катышары калетсиз. Мындай шартта жеңиштен үмүт кылбай эле коюу оң. Себеби, “бала баатырдын” саясый салмагы жетишсиз, чөнтөгү да жука. Тек гана тегирмендин парасына тыгылып калчудай образды чагылдырсачы? Мындай тобокелчиликтен көрө Мирлан Жээнчороев “Альянстагы” депутат болчу кезегин күтүп, тизмеден чыкпай эле отурса, балким бир жылдан кийин мандатка минип калат беле? Балким... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер