Адил Турдукулов, саясат талдоочу: “Зеленский табиятынан Садыр Жапаровго окшош лидер”


-- Адил мырза, Кыргызстандагы соңку башкарууну Түркмөнстанга, Түндүк Кореяга салыштыруулар болуп атат го? Негизи биз кандай жол менен өнүгүүгө барат элек?
-- Түркмөнстанда, Түндүк Кореяда жеке адамга сыйынуу күч алган. Ал жактагы саясый режимди тоталитаризм катары сыпаттасак болот. Анткени бийлик элдин турмушун толугу менен көзөмөлгө алган. Биз азыр Казакстандын, Өзбекстандын авторитаризминин кейпин кийдик да. Муну табигый жыйынтык десек жарашат. Натыйжада, авторитаризм өлкөлөрүнүн арасынан суурулуп чыгып, демократия куруш абдан эле кыйын. 30 жыл бою мындай эксперимент коюп келгенибиз да чоң жетишкендик. Демократия экономикалык секирикке шайкеш, бирдей болушу керек. Бизде андай эмес. Ошондуктан экономикалык өсүш менен сөз эркиндиги, адам укуктарынын сакталышы жөнүндө талаптар күчтүүрөк кылат го...
-- Акыркы жылдары мурдагыдай оппозициянын орду жоголуп, сын-пикир айткандар дээрлик чээнге кирип кетишти. Бул убактылуу көрүнүшпү, же чындап эле коом өзгөрүүгө бет алдыбы?
-- “Оппозициябыз” деп айткандар көп жолу элдин күчү менен бийликке келгенге мүмкүнчүлүк түзүлгөн, бирок алардын убадалары көбүнчө ишке ашкан жок. Элди алдашты. Үч революцияга карабай чыныгы парламентаризм орногон жок, КТР “кара жашиктен” коомдук телеканал болуп өзгөргөн эмес, коррупция азайбады, соттор пара алууга батышкан, айлык акы инфляциядан аша албады... Дагы аткарылбаган үмүттөрдү кечке тизмектей берсек, мисалдар арбын. Ошондуктан элдин ишеними “саясый элитадан” жоголду десек болот. Азыркы бийликке чоң аванс берилди. Башталышы жаман эмес. Инфратүзүм оңолуп жатат, чек ара маселеси чечилүүдө, элге эң керектүү батирлер маселеси оңуна түшкөндөй, логистикалык туюктан чыкчу стратегиялык темир жол курулуп баштады, тышкы саясат дагы негизинен бейтараптуу. Бирок элдин күнүмдүк жашоосу өзгөргөн жок, инфляция рекорддук көрсөткүчтө, кедей менен байлардын жашоо айырмасы кеңейип баратат. Мисалы, кечээ күнү эле энергетика министри Таалайбек Ибраев электр энергиясына болгон тарифтердин 26 тыйынга же 23,4%га көтөрүлөрүн билдирди. Мыйзам боюнча тарифтер инфляциянын деңгээлине жараша жогорулашы керек. 2024-жылдын январь-ноябрь айларында инфляциянын деңгээли 5,4%ды түздү. Ибраевдин эсебинен 4,3 эсе аз. Бул нерсе азыркы бийликтин негизги багыты болушу абзел. Антпесе кайра таз кейпибизге кайтабыз...
-- Айрым салыктарга карата жеңилдетүүлөрдүн мааниси эмнеде? Эл ичиндеги чыңалган маанайдан улам артка чегинүүбү? Утурумдук эле алаксытуу эмеспи?..
-- Акылбек Жапаровдун өкмөтү салык саясатынын реформасы аркылуу “көмүскө экономика жоюлат, коррупция азаят” деп убада берип келген. Жыйынтыгында, бул жерде дагы коррупциялык схема түзүлдү. Экономиканын өзөгүн түзгөн кичи жана орто бизнестин ишмердүүлүгүнө эң башкы тоскоолдук жаралды. Өкмөттүн мындай авантюрасына парламент бөгөт койгон жок, укук коргоо органдары алдын ала чара көрө алышпады. Азыркы бийликте көп учурда тең салмактуулук сакталбай калып, саясый процесстер экономикалык саясат менен бирге болушу кажет экендигинин белгиси.
-- Ушуну менен Кыргызстандагы саясый басым-кысымдар бекем көзөмөлдө сакталып кала береби? Митинг-пикеттерде ой-пикирлер айтылбай калса кооптонуу жаралбайбы?
-- Тынч жолугушуу уюштуруу биздин конституциялык укугубуз. Бул негизги милдетибиз сот тарабынан мыйзамсыз четтетилип жатат. Бирок митинг демократиянын биз көнүп калгандай негизги белгиси эмес. Демократия туруктуу сакталышы үчүн адилеттүү сот, таза, көз карандысыз укук коргоо органдары, эркин медиа, күчтүү парламент болушу кажет. Ошондо биз саясый кысымдардан, авторитаризмден иммунитетке эгедер болобуз. Ошол институттар Кыргызстанда калыптаныш үчүн күрөшүбүздү улантканыбыз оң.
-- Россия-Украина согушу быйыл басаңдайбы? Трамп кандай таасир этиши мүмкүн?
-- Россиянын азыркы бийлиги ордунда кала берсе, согуш токтобойт. Бир аз тыныгуу гана күтүлүшү мүмкүн. Путин глобалдык бейстабилдүүлүккө жол ачты. Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган дүйнөлүк түзүм чоң жаракат алды. БУУнун механизмдери иштебей калды. Трамптын Гренландия, Панама каналы боюнча айтканы, “Канада АКШга кошулушу керек” дегени ошол кооптуу саясаттын уландысы. Эрдогандын “Сириянын бир бөлүгү Түркиянын жери” дегени да жаңы согуштун башталышына себепкер болушу мүмкүн. Кытай Тайванды күч менен тартып алуусу да күтүлүүдө. Мындай учурда Борбор Азия мамлекеттери тескерисинче саясый эрки менен өзөктүү чек ара маселесин чечип, атомдук куралсыз, өзүнчө тынч аймак куруп жатканы чоң прецедент, башка өлкөлөргө үлгү. Бул сөзсүз түрдө Садыр Жапаровдун, Шавкат Мирзиёевдин, Касым-Жомарт Токаевдин тарыхый жетишкендиги.
-- Зеленский тарыхта кандай ат менен калат дейсиң?
-- Зеленский табиятынан Садыр Жапаровго окшоп элге таянган лидер. Ошонусу менен күчтүү. Украина эли азыр өзүнүн жери үчүн гана согушкан жок, алар эркиндик, демократия баалуулуктары менен да күрөш жүргүзүп жатышат. “Кайрадан Москва биздин саясатыбызды аныктабасын” деген ураан аркылуу күрөшүүдө. Ошондуктан мурунку Совет өлкөлөрү, анын ичинде Кыргыз мамлекети чыныгы көз карандысыз болсун десек, анда Украинанын жеңишин тилешибиз керек.
Асланбек Сартбаев
"Азия Ньюс" гезити











