Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Ректор Канат Садыковду прокуратура текшерүүдө. Майнап чыгабы?

Ректор Канат Садыковду прокуратура текшерүүдө. Майнап чыгабы?

26-февраль, 13:47
2 275 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ж.Баласагын атындагы КУУнун эмгек жамааты Кыргыз Республикасынын генералдык прокурору Курманкул Зулушевге университеттеги каржылык мыйзам бузуулар боюнча атайын кайрылуу жолдошкон. Азыркы учурда бул көйгөй боюнча прокуратуранын өкүлдөрү текшерип жатышат. Мыйзам бузуулар бар экени ырас, бирок ректор Канат Садыков мындай текшерүүчүлөрдүн далайынын оозун жаап, сатып алып келгени ыраспы? Канат Садыков төрт жыл ректор болгону менен окутуучулардын айлыгына төрт сом кошкон эмес. Мугалимдер “контрактын акчасы, арендаторлор төлөгөн акча, пандемияда үнөмдөлгөн акчалар кайда кеткен?” деп нааразы болушууда. “Акчанын баарын ремонтко жумшап, ортодон жеп жатат, эмгек жамаатына кам көргөн эмес, Канат Садыков өзүнүн чөнтөгүн толтуруу менен алек болуп, университетти ойлогон да жок” деп нааразы болгон тарап жазган. Улуттук университеттин жетекчилигине бир нече кылмыш иши козголгон. Бирок, ректор тергөөчүлөрдүн оозун майлап, ал иштер бүтпөй созулуп кеткен. Айласы кеткен эмгек жамааты генералдык прокурор Курманкул Зулушевге кайрылууга мажбур болушкан. “Эми прокуратуранын өкүлдөрү сатылса, ректорго чара көрүлбөсө, президент Садыр Жапаровго алардын үстүнөн арызданабыз” деп эмгек жамааты даярданууда.


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер