Нурбек Алимбеков кайсы партияны тандап, кимди “кидать” этти?


Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” партиясын Ош шаарындагы штабын жетектеген ЖК депутаты Нурбек Алимбековду билсеңиздер керек. “Сулуу чымчык” деген каймана аты бар. Бу жигиттин “кидать” кылмай өнөрү мурунтан бар беле? Өзүнө да суроо салып турган чагыбыз. Учурда “Кыргызстан” партиясы саясый аренада оппозицияга өткөндөн кийин Нурбек мырза Марлен Маматалиевдин жаңы түзгөн “Ынтымак” партиясына көз артып, Ош шаарындагы өз командасы менен келип иштеп берерин айтып ынандырганга ашыгыптыр. Кол алышкандан көп өтпөй бийликтин “Ата журтум Кыргызстан” партиясына ошол эле командасы менен өтө качып, Марлен Маматалиевди “кидала” кылганы каңкууланды. Бу жагын эч ким түшүнбөй турат. “Сулуу чымчык” ушул жагынан жооп берип койсо жаман болбос эле...
"Азия Ньюс" гезити











