Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт көмүр өндүрүүчүлөрдү колдобой, кыянаттык кылып жатабы?

Өкмөт көмүр өндүрүүчүлөрдү колдобой, кыянаттык кылып жатабы?

13-январь, 17:36
743 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Базар экономикасынын шартында өнүктүрүү фактору атаандаштыктын негизинде түзүлөт. Атаандаштык болбосо, монополия жаралат, демек, өнүгүүнүн болбошу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Өнүккөн өлкөлөрдө атаандаштык мыйзам чегинде корголуп, ага чоң маани берилет. Ошондуктан, азыркы өндүрүш тармагында альтернатива түрүндө мамлекеттик ишканалар ири ролду ойношу керек. Анткени, өндүрүштүн кайсы тармагы аксап жатса, өкмөт тарабынан атайын долборлор иштелип чыгып, жогорку деңгээлдеги адистер менен камсыздалып, өндүрүш процесси жолго коюлат. Мындай жол менен пайдаланууга берилген өкмөттүн карамагындагы өндүрүш ишканалары жеке ишканаларга флагман, үлгү болушу шарт. Бул деги эле өндүрүштү илгерилетүүгө өбөлгө түзүүчү бирден-бир жагдай. Өндүрүшкө мындай жогорку деңгээлде мамиле кылуу даанышмандык жана жаратмандык башкаруу катары бааланат. Өкмөттүн алдыга койгон максатын ишке ашырып жаткан тармакка өндүрүштүн флагманы, үлгү катары колдоо дайыма көргөзүп туруу зарыл. Эгемендүү өлкө болуп, өз казаныбызда кайнап баштагандан бери бир далай өкмөттүк ишканалар банкротко учураган. Өкмөттүк ишканалар менчик ишканалар менен атандаштыкка туруштук бере албагандыктан жабылган. Бирок, ошого карабастан арабызды өз арабасын сүйрөп келе жаткан өкмөттүк көмүр ишканасы менчик ишканаларга атаандаштык түзүп келүүдө. Өзгөчө акыркы жылдары «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасы арышын кеңейте алды. Чындыгында, бул феномен десек жаңылыштык эмес. 

Мындан он жыл мурун көмүр өндүрүүчүлөр жылына 150-200 миң тонна көмүр өндүргөнгө араң жетишчү. Андан тышкары, көзөмөлсүз көмүр ачык эле уурдалып кетчү. Көзөмөлсүз уурулукка жергиликтүү кылмыш топтору ири өлчөмдөгү көмүргө ээлик кылып келишет. Кримтөбөлдөргө күч органы көмөкчү болгону дагы ачуу чындык. Жумгал райондук мамлекеттик администрацисы жана КР өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, облустук прокуратура, облустук ички иштер башкармалыгы жана райондук ички иштер башкармалыгы – ушулардын баары кара алтындын көзөмөлсүз акчаларына кызыкдар болгондуктан, көмүр өндүрүшү илең-салаң болуп, бүгүн каралардын көзөмөлүндө турары өкүнүчтүү го?.. Андан дагы өндүрүлгөн көмүрдү Бишкек, Каракол жылуулук электр станциялары толук кандуу колдонушпайт. Өкмөт кандайдыр бир себептер менен “откат” алыш үчүн Казакстандын көмүрүн сатып алганга өтө кызыкдар болуп келгенин канкакшап айтып келебиз. Өз жерибиздеги Кудай жаратып, элибиздин энчисине берип койгон эң арзан көмүрдү казып албастан, башка өлкөдөн ири суммадагы акчаларга сатып алуудабыз. Жарды өлкө болуп туруп, бай Казакстандан көмүр сатып алып, бөлөк мамлекетке жумуш орундарын түзүп жаткандыгыбыз өзүнчө эле парадокс (кемчонтойлук). Балким, былгыган «иттин өлүгү ушу жерде» болуп жүрбөсүн? Көрсө, коррупциялык мындай схеманы мурдагы ажолор жана анын тегерегиндегилер түзүп, акча табуунун эң ыңгайлуу жана оңой жолуна кыныгышкан экен. Прогрессивдүү жарандык коомдун нааразычылыгынан улам бийлик Казакстандан көмүрдүн көлөмүн жылдан жылга азыраак сатып алууда. Ошентсе дагы азыркы тапта 400 миң тонна көмүрдү тыштан сатып алабыз. Эгерде өкмөт мамлекеттик көмүр өндүрүүчүлөргө көңүл бурса, анда өзүбүздө миңдеген жумуш орундары пайда болуп, көмүрдүн баасы төмөндөмөк. Болгону коррупцияга малынган чиновниктер Казакстандын көмүрүнөн кол үзүшү керек. 

Көмүр өндүрүүчүлөр менен маектешкенде, алардын көпчүлүгү өкмөткө нааразы экендиктерин билдиришти. “Мекенибизден чыккан, мамлекеттик ишкана өндүргөн көмүрдү өкмөт сатып албай жатат” дешет алар. Ырас эле, март айынан кийин тээ кеч күзгө чейин жергиликтүү көмүрдү бир дагы жылуулук электр станциясы албай калат. Станция Казакстандын көмүрүнө өтөт. Мындай көрүнүш өкмөттүн чоң жаңылыштыгы, өз элине диверсияга барып жатканы катары бааланабы? Себеби, бул көмүр өндүрүүчүлөрдүн иш процессине терс таасирин тийгизет, ал эми муну өкмөт жакшы түшүнөт. Мындай карама-каршылыктан көмүр өндүрүүчүлөр карызга белчесинен батып келишет. Жаз жана жай айларында тоону томкоруп, көмүр өндүрүү салыштырмалуу жеңилирээк. Ошондуктан, бул мезгилде өкмөт көмүрдү сатып алууну токтотпошу керек, бул – мамлекеттин жана элдин зарыл мүдөөсү. 

Көмүрдү ири өлчөмдө керектөөчү өкмөт болгондон кийин, рационалдуу пайдаланып, өндүрүүчүлөргө дагы ыңгайлуу шарттарды түзүү өлкөнүн кызыкчылыгына кирет. Шарттар түзүлсө, өндүрүүчүлөр көмүр казуунун көлөмүн көбөйтүп, карыз алган акчаларынан кутулууга огожо болмок. Бирок жаз, жайкы мезгилде өндүрүлгөн көмүрдү албай калганы акылга сыйбаган иш эмеспи. 

Жогоруда белгилегендей, жазында жана жайында көмүр казууга азыраак чыгым жумшалат. Ошондой эле көмүрдү ташып жеткирүүгө эң ыңгайлуу убакыт пайдаланылбай келгени өкүнүчтүү. Көмүр өндүрүүчүлөрдүн мүдөөсүн өкмөт сөзсүз түрдө угушу керек, себеби мамлекеттин кызыкчылыгы кайда (?) деген маселе турат. Ошондо көмүр ташыган айдоочулардын дагы жумушу жеңилдемек, кезекке кезербей, суукта түнөбөй, укуктары корголуп, жергиликтүү бандиттерден кордук көрбөй калышмак жана эл дагы арзан көмүр менен камсыз болмок. Андан тышкары, өндүрүүчүлөр өнүгүү процессинде каражатка жетишип, заманбап техникаларды сатып алууга шарт түзүлмөк, баардык инфракструктураларды оңдоп-түзөп алышмак. Өкмөт даанышмандыкта иш алып барбагандыктан, көмүр өндүрүүчүлөр кароосуз калганы кейиштүү. Өндүрүүчүлөрдүн иш процесстерине өкмөт салкын көз салган үчүн башаламандык, уурулук орун алып, жергиликтүү кримтөбөлдөр бийлеп алганы, өкмөттүн шалаакылыгынан эмеспи? Күч органдары, прокуратурасы баш болуп, мыйзам үстөмдүгүн тебелеп келишкени кандай? Заманбап талаптарга жооп берген бухгалтериясы, көзөмөл кылуучу видеокамералары жок, салык төлөмдөрү төгүлбөйт. Алгачкылардан болуп уурулукка бөгөт коюу максатында «Кыргызкөмүр» ишканасына онлайн видеокамералары орнотулуп, учурда иш жүргүзүлүүдө. Ошондой эле электрондук байланыш түзүлүп, жөнгө салынган. Бишкекте туруп, иштин баардык тарабын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Баанын туруктуу кармалышы үчүн альтернатива катары түзүлгөн мамлекеттик «Кыргызкөмүр» ишканасын иштетүүгө өкмөт мындан ары дагы шарт түзүп, дайыма колдоого алып, атаандаш, ченемдүү өндүрүш ишканасына айлантышы керек. 

Азыркы тапта «Кыргызкөмүр» ишканасында эки мөөнөттө көмүр өндүрүлүп, 500 адам жумуш менен камсыз болгон. Мурда эки экскаватор менен иш жүрсө, азыр 28 экскаватор, 90 оор жүк ташуучу машина иш алып барышат. Өлкөбүздө Кара-Кече көмүр кенинде эң ири көмүр өндүрүшү жүрүп жатат. Азыркы тапта «Кыргызкөмүр» ишканасында 250 миң тонна көмүр даяр турат. Бирок, азыркы биз айтып жаткан эң жогорку жетишкен көрсөткүчтү бака секирикке барабар (!) деп салыштырсак болот. Анткени, бул көрсөткүчтү мындан дагы жогору көтөрсө болот. Ага өкмөт көмөк көргөзүп, лизинг аркылуу заманбап автотехника менен камсыз кылып жана кендирди кескен акча каражатын кыска мөөнөткө кредитке берип турушу абзел. Албетте, мындай өкмөттүк колдоолорду өнүккөн өлкөлөр практикалап келишүүдө. Ошондуктан, бизде дагы президенттин региондорду өнүктүрүү программасынын долбооруна киргизип, көмүр өндүрүү программасын өкмөт аткарууга алууга тийиш. Өкмөт көмүрдү Казакстандан сатып алганды токтотуп, элибизге Кудай берген көмүрдү колдонуп, үзүрүн көрөлү. 

Качкынбек БУЛАТОВ, укук коргоочу

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер