Мамбетжунус Абылов, коомдук ишмер: “Кечээги биздей болуп Ташиевдин тагдыры соттун колунда...”


-- Мамбетжунус ага, Кемпир Абад маселеси боюнча акталганыңыздардан кийин, көпчүлүгүңүздөр массалык маалымат каражаттарынан маек бердиңиздер. Сиз болсо, сыртка кетип жатканыңызды айтып, “келгенде жолугалы” дедиңиз эле. Кандай, жакшы барып келдиңизби?
-- Кудайга шүгүр, эжең менен жетелешип барып келдик. Мен абакта отурганда сыртта жашап жатышкан бала-чакаларым кабатыр болушуп, чүнчүп жүрүштү. Ошондуктан аларга жолугуп, көңүлдөрүн көтөрүп, кайгы-капаларын, сагынычтарын жазып келдик.
-- Жакшы экен, эми суроолорго өтөйүн. Сиз сыртка кетээрдин алдында Nazar News сайтында үн катып, Камчыбек Ташиевке доомат суроо жолдоптурсуз. Андан жооп болдубу?
-- Бул сурооңузга жооп берердин алдында, сиздердин “Азия Ньюс” газетасына, Аryba.kg сайтына жана жеке өзүңүзгө рахматымды айтам иним. Биз абакта жатканда “кемпирабадчылар” тууралуу элге калыс маалымат таратып, менин жана менин абактагы тагдырлашым Клара Сооронкулованын кызынын татынакай сүрөттөрүн чыгарып, алардын үндөрүн окурмандарыңыздарга жеткирдиңиздер. Биз үчүн бул эбегейсиз колдоо болду.
Ал эми Ташиев болсо, мага жооп бере элек. Кыргызда макал бар эмеспи, «Бирөөгө көр казсаң тайыз каз, кайра өзүң чыкканга» деген. Бүгүн ал өзү бизге окшоп «Бийликти басып алуу» беренеси менен айыпталып, тагдыры соттун колунда илинип турганда, «какаганды муштаган» кылбайын деп, анын жообун талап кылганга дитим барбай жатат.
-- Сиздердин камалганыңыздарга Ташиев эле күнөөлүү эмес да. “Эмне үчүн “кемпирабадчылар” бийликтин башка өкүлдөрүн айыпташпай жатышат?” деген суроо коомубузда байма-бай айтылууда, биз ал пикирди сайтыбызга жарыяладык эле. Мындан кабарыңыз барбы?
--Ооба, кабарым бар, окудум. Биз соттон акталгандан кийин, ата салтын улап түлөө өткөргөнбүз. Ага сизди да чакырдык эле, келе алган жоксуз. Ошондо ушул маселени өлкөбүздүн мурунку укук коргоочуусу Турсунбек Акун козгогон. Биз “түлөөнү саясатка айлантпайлы” деп, анда ага эч кимибиз жооп берген эмеспиз. Түлөөдөн кийин эле эжең экөөбүз сыртка балдарыбызга чыгып кеттик. Биз Сингапурда жүргөндө, Турсунбек мага телефон чалды. “Силердин камалынышыңарга Ташиев эле эмес, бийликтин башка өкүлдөрү да күнөөлүү. Эмне үчүн алар жөнүндө унчукпай жатасыңар?” деди. “Анда кимди биз айыпташыбыз керек?” деп сурадым. “Силер абакта отурганда, мен эки жолу президент менен жолуккам. Ал “кемпирабадчылардын” камаларын ачык эле айткан” деди. Анда мен “Турсунбек Акун ушинтип айтып жатат деп президентти кайрылайынбы?” десем, ал телефонун шарт өчүрүп салды. Сиз да ушуну сурап жаткандыктан, окурмандарыңызга мен бул маселе тууралуу өз оюмду ачык билдирип коёюн. Анткени мунун үч себеби бар:
Биринчиси, Турсунбек Акун “мен минтип айткан эмесмин” деп эртең эле танып кетиши мүмкүн. Ошондуктан бирөөлөрдүн айтканына эле ишенип президентти айыптоо, ушакка жетеленүү болуп калат.
Экинчиси, бизди актаган Биринчи Май районунун соту Марат Сыдыков, УКМКанын кысымына чыдабай, кызматынан кетүүгө арыз жазып берүүгө мажбур болгондо, Садыр Жапаров анын арызын артка кайтарган. Бул ошондо Марат Сыдыков бизди актаган өкүмүнө президент Садыр Жапаров каршы эмес экендигин айкындаган.
Үчүнчүсү, президент Садыр Жапаров Азимбек Бекназаровду кабыл алганда Камчыбек Ташиевди чакырып, “кемпирабадчылар” боюнча сураганда, «булардын күнөөсү боюнча жаңы далилдер бар» деп ал жооп бериптир. Ошондо Бекназаров анын мындай калпына чыдабай, “эгер Ташиев бизге бир эле жаңы далил көрсөтсө, мени камагыла деп эртең эле соттон өзүм суранам” дегенде, президент “буларга көрсөт” деп Ташиевке тапшырма бериптир. Мында да Садыр Жапаров биздин кылмыш иш боюнча өзүнүн калыстыгын тастыктаган. Айтыңызчы, ушундай кашкайган чындык турганда, кантип биз Ташиевке кошуп президенттисындайбыз?
Мындан сырткары, биздин актоо өкүмүбүз күчүнө киргенден кийин, “кемпирабадчылардын” атынан мындан ары эч кимибиз пикир айтпайбайбыз, ким айтса, ал адам айткан сөзүнө өзү жооп берет” деп келишкенбиз. Эгер мен Турсунбек Акундун жетелөөсү менен президенттин дарегине таш ыргытсам, бул “кемпирабадчылардын” пикири болбойт. Бул менин эле жеке билдирүүм катары саналат. Ошондуктан Кемпир Абад маселеси боюнча, “кемпирабадчылардын” атынан эч кимибиз жалпы пикир айта албайбыз. Турсунбек Акун муну түшүнбөй эле президентти калкалоо, Ташиевди каралоо катары баалап, бизди коомчулукка “боктоп” келет.
-- Эмне үчүн Турсунбек Акун президентке каршы сиздерди түрткүлөп жатат дейсиз? Кандай ойлойсуз?
-- Ал Ташиевдин тарапташтарындай болуп шайлоонун сасык оюнуна азгырылып жаткансыйт. «Сен биз тарапсыңбы же тиги тарапсыңбы? деп депутаттардын парламенттеги бөлүнүүлөрү – жакындап келаткан президенттик шайлоого байланыштуу экени бүгүн сизге деле айкын. Турсунбек Акун ошол “75чилердин” кыймыл аракеттеринин макулдашылган экинчи этабы болушу ыктымал. Же ал президенттик такты мээлеген, бирок азырынча өзүн көмүскөдө кармап жаткан башка бир инсандын камчысын чаап жатышы мүмкүн. Болбосо ал жылан чакпай, жылкы теппей туруп эле, “кемпирабадчылар” президентти калкалаш үчүн Ташиевди каралап жатышат” деп, биздин абийирге кир жугузчу жалган маалыматтарды элге таратпайт эле да.
-- Азыр сиз эмнелер менен алек болуп жатасыз?
-- Абак үч жарым жыл өмүрүмдү жеди. Ошол учурда элибиздин салтына айланган жамандык-жакшылыктарга катышпай калдым. Кеч болсо да эми ошол инсандык милдеттеримди аткарып, өткөн-кеткен окуяларга көз көрсөтүп бүтө элекмин. Мындан сырткары, Кыргызстандын Бириккен Демократиялык Кыймылынын координатору катары, шайлоо жакындаган сайын, демократияга ыктаган инсандар шайлоо маселеси боюнча чогулуп, пикир алмашуу уюштурууну менден талап кылып жатышат. Мен ушул маселе менен алек болот окшойм...
Сурат Жылкычиев











