Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бакыт ТӨРӨБАЕВ: “ЕАЭБдин комиссиясына маселе койбосок абал чатак”

Бакыт ТӨРӨБАЕВ: “ЕАЭБдин комиссиясына маселе койбосок абал чатак”

25-октябрь, 09:49
576 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Бакыт Эргешович, келерки жылдан тарта бир топ товарлар кымбатташы мүмкүн экенин эскерттиңиз. Ал эмнеге байланыштуу?

-- ЕАЭБдин алкагына кирип жатканда 166 позиция боюнча бизге 3-4 жылга жеңилдик берилген. Анын ичинде автоунаалар да бар болчу. Эми келерки жылдын 1-январынан тарта автоунааларды растаможкалоо баасы 8-10 эсеге көбөйөт. Эгер мурда унаанын ээси 500-1000 доллар төлөгөн болсо, азыр 5-6 миң доллар төлөп калышы ыктымал. Эң башкысы, биз 166 позициянын ичинде кайсы товарлар бар экенин билбейбиз. Бизге жеңилдик бирилген соң, демек, ал товарлар ошол мезгилде биз үчүн керектүү болчу. Экономикага таасир бере турган товарлар болгон. Бирок, ошол товарлардын негизинде өндүрүшүн көбөйтүп, жаңы жумуш орундарын түзүп, салык төлөп жаткан биздин ишкерлер 1-январдан тарта кайсы товарлар кымбаттаарын билишеби? Мен мисалы, анык билбейт экенмин. Ошондуктан, өкмөт азыр түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө тийиш. Керек болсо ЕАЭБдин комиссиясына маселе коюш керек. Же жеңилдетүүнүн мөнөтүн узартышабы, же тарифтерди өзгөртүшөбү?.. 

Албетте, маселенин экинчи жагы да бар. Товар түрүндө келип аткан болсо, алардын кымбатташы биздин ички рынокту коргоо жагынан бизге жагымдуу болушу мүмкүн. Сырье түрүндө келсе, биздин өндүрүшчүлөр товар жасап, сатып, бул өндүрүштүн өнүгүшүнө жакшы шарт түзөт. 

-- Ошондо 1-январдан баштап жанагы 166 позициянын баары боюнча жеңилдик алынып салынабы?

-- Бажы биримдигине киргенден кийин биз бир аймак болдук. Биз бажы биримдигинин бажы кодекси боюнча иштеп жатабыз. 6 миңден ашуун товардык позиция бар, бирдиктүү бажы тарифи (!) деген бар. Бирок, 166 позицияга бирдиктүү тариф жок эле. Эми баардык товарлар бирдей болуп калат. Ал Армениядан келеби, же Беларустан келеби, бирдей тариф менен кирет. Мындайча айтканда, кымбаттайт. 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер