Итиңен качып, заборду ашып, шымымды айрытып алдым...
Жаңыдан гана алкымыңдан аймалап, белиңден сылап, сооруңдан мыжып, төшөккө жыкканымда... Дарбазаң ачыла баштады.
--Байкем, жеңем келатат!-дедиң шак эле.
Атып турдум. Алактап калдым.
--Кайда качам?
--Терезеден чык…
Босогодогу бут кийимиме чуркадым. Шак кийе сала кайра жыпар жыттуу бөлмөңдү аттап-чаттай терезеге жеттим да, сени бир карай ары көздөй секирдим. Жакын жердеги дөбөтүң арсылдай эле чуркады. Чымын-куюн болуп, короонун аягындагы забордон ашып өтөрдө шымымды айрытып, безген бойдон караңгыга сиңип кеттим. Дагы жакшы, кара дөбөт жетпей калды. Аркы көчөдөгү жарыкка барып, жамбашымды карасам, шымым эки карыштай айрылып кетиптир. Дал ушул учурда забордон ашып, тилдирип алган кандай жаман экенин түшүндүм... Айлананы элеңдей карап, ылдам баса жөнөдүм. Бирок, сенин жандүйнөңдү, берилгениңди, төшөктөгү наздана туйлаганыңды эстеп, өзүмдү бактылуу сезе кетип бараттым. Шым кара жерге кирсин! Сен үчүн далай чүпөрөктү айрыганга даярмын да... Турсийчен деле кетип калам...
Кыян Сары
Aryba.kg