Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жашоого жаңы бурулуш жасалып, элдин үмүтү акталсын!

Жашоого жаңы бурулуш жасалып, элдин үмүтү акталсын!

18-октябрь, 13:01
797 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Далай шайлоолорду башыман өткөрдүм. Жараткан жар болсо дагы көргөндөн көрө элегим, уккандан уга элегим көптүр. Бир ай бою бүткүл дүйнөлүк пандемиянын үрөй учурган коркунучуна карабай парламенттик шайлоого карата үгүт иштери өз күчүндө болгонун көрдүк. Абай салып, кыбыр эткендин баарын сереп салгандардын арасында саясат талдоочусу, экономика эксперти, политтехнологдор ар кандай божомолдорду айтып, азыр да бүтө элек. Эми башталса керек... Майда-баратына токтолбой, орустар айтмакчы, “невооруженным галазом” дегендей, жалпы ой толгоомду ортого салууну эп көрүп турам.


Соцтармак

Эң ириде мурунку шайлоолорго салыштырмалуу жаңы технологиялардын пайда болушу менен аларды болушунча колдонуу көп байкалды. Алсак, соцтармактагы пиар (кара пиары да бар) иштери басымдуулукта болуп, блогерлер  жактаган өз партияларын Апендинин кызынан ашыра мактоосу ашкере көрүнүшкө айланды. Ошол эле учурда “фейк” (аноним) дегени мактаганын мактап, талкалачусун талкалап, поктошту. Булар эч бир БШК тарабынан мыйзамдашылган (мүмкүн эмес окшойт) жок. Ар ким билгенин ачыгын ачыктай, жабыгын жабыктай бытыратышты. Менин байкашымча, акчадан башка соцтармак шайлоонун үгүт иштерине өздөрүнүн салымын кошту. 


Пандемия

Бүткүл дүйнөлүк пандемия КОВИД-19 канчалык адамзаттын үрөйүн учурган менен кыргыз элинин басымдуу бөлүгүн коркута алган жок. “Коронавирустун 2-толкуну мындан да катуу болот” деп саламаттык сактоо министрлиги эскертип, “буга чейинки сунушталган эрежелерди кармангыла” дегенине карабай, парламенттик шайлоодо “жайыл дасторкон” болуп жайылып кетти. Беткап, антисептик, социалдык аралык дегенди уруп ойношкон жок. Формалдуу гана чоймосу үзүлгөн беткап чөнтөктө, болду. 1,5 метр аралыкты кармоо болбогон кеп экен. Элдин баары той-аштарын күчөтүп, жадагалса ошол жерде да партиялардын пачагын чыгарып атышты. “Кайсы партия канчадан берип атат? Ошончодон берип атабы? Тиги партиянын акчасы көп экен. Бул партиянын акчасы жок, куру кыйкырык кылып атат” деген сөздөр модага айланды. Пандемияны унутушту. Анысы ал болсун, 4-октябрь шайлоо бүттү, эртесичи?.. Көпчүлүк эл “бийлик шайлоону бурмалады, шайлоо жокко чыксын!” деп митинг кылып, жадагалса Акүйдү алып, төңкөрүш кылып ийди. Жүз кишинин ичинде бирөө беткапчан, “ме сага, пандемия!” дегендей эле болду. 


Капчыктуулар менен каражаты чектелүүлөрдүн тиреши

Кыргыз мамлекети эгемендик алган алгачкы жылдардан тартып ушу күнгө чейин акчанын кулу болуп (кээ бир саналууларды кошпогондо) калдык. Ар бир жылтыраган жерге жутунуп, биринчи барып басып калуу биздин баалуулуктарга билинбей эле  айланып баратат. Бул биздин бүгүнкү күндөгү идеологиябыз болуп калды. Андыктан, азыркы парламенттик шайлоодо деле акча чоң роль ойноп, аягы эмне менен бүткөнүн көрдүк. Капчыктуулар алдындагы айсбергди да карабай талкалап өтүп, өз максатына жетүүгө аракет кылып, баарына түкүрүп койчу кебетеси бар болчу. Анан эмне болду? Эмне болмок эле, чыр чыкты, болгондо да эбегейсиз чоң чыр чыкты. Аягы барып “кетсин” деген сөздөр айтылды. Бирок, көпчүлүк эл ушундан тажап, “тынч өтсө экен” дешкен. Тынч өтпөдү. “Кечтим байдын кызынан” болуп, “бириң өлүп бириң кал, бир шыйрагың мага кал” деп көпөстөр, мансапкорлор коңулга кире качышты. 


“Күйөөгө чыгып, андан экинчи катын” алгандар

Бул шайлоодо ар бир партия билимдүү жаштарды алдыга салымыш этип коюп, далысына жашынгандар көп экен, басымдуусу десем жаңылбайм. Эң иренжиткени, бир кезде “Алга Кыргызстан”, андан кийин “Акжол”, анан КСДП, эми болсо бийликтин эки-үч партиясында жүргөнү. Аларың “бизди эл билбейт, байкабай калат же баары бир бу жолу да парламентке барам!” деген амбициялары асман чапчыды окшойт. Бир күйөөгө тийе коюп, андан экинчи катын алган сыяктуу көрүнүштөр байма-бай орун алган эле. Бирок, кимиси күйөөсү, кимиси катыны экенин өздөрү да аңдашпады. Парламентке кимдер депутат болуп шайланмак? Баягы эле эскилер. Жаштарды курал катары колдонгонго манчыркана, аларга калп эле “кезегиң келгенде депутат болосуң, азыр шашпа” деп тил эмизип, креслосун майлап-сүттөгөнгө өтмөк. Тилекке каршы, 5-октябрь мындай көрүнүшкө балта чапты.   


Алдыда бизди эмне күтүп атат?

5-октябрь күнү эл бийликти оодарып салды. Мындайды күтүү мүмкүн эмес эле. Бирок, кыргыздардан баарын күтсө болорун дагы бир жолу далилдеди өңдөнөт. 6-октябрь күнү түрмөдө отурган политузниктердин баары бошотулду, Атамбаеви баш, Садыр Жапарову төш болуп. Баардык стратегиялык объектилерге 50-100 адам барып алып, мурунку чоңду ээрден шыпырып, бирөөсүн шайлап баса берди. Өлкөдө саясый башаламандык өкүм сүрдү. Партиялардын лидерлери бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруу аракетин көздөп, алгач топ-топ болуп, аягы бир жерге токтогонсуду эле, бирок, анысы да өз максатына жетпеди. Алдыда эми бизди эмне күтүп атат? Бул суроо ачык бойдон калууда.         


Мен каалабайм, эл каалабайт

“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, Жээнбековдун бийлиги “оодарылды”. Жумурай журттун баары жаңыланууну күтүп атат. Азыртан көзү ачыктык кылып бир нерсени айтуу кыйын. Бийликтин 1-1,5 жыл мурун түзгөн сценарийинде бүгүнкү абал болду бекен (?) деген суроо туулбай койбойт. Ал сценарийде чыр-чатак, элдин көтөрүлүшү, бийликти оодаруу жагы болсо, андан аркысы эмне менен бүтөт? Мына ушул жагы кызык. Эмнеси болсо да өлкөнүн хаоско айланышын, элдин экиге, үчкө бөлүнүп кетүүсүн каалабайм. Мен каалабайм, эл да каалбайт. Мен каалайм, келечекте бычакка сап боло турган адам бийлик башына келсин, жашоого жаңы бурулуш жасасын, элдин үмүтү акталсын. Алдыга өсүп, өнүгөлү. Келечек муун жаркын жашоодо жашасын. Азырынча ушу...


Мамлекеттин кечээгиси, бүгүнү, эртеңкиси

Жүз адам болсо, ою жүз башка, миңдики миң. Башаламандыктан пайдаланган мээси тайкы адамдар жок эмес. Мамлекеттин кечээгисин унутпай, бүгүн эртеңкисине сереп сала турган мезгил келип турат. Акылы зирек, тажрыйбасы мол адамдар жол баштап, аларга акыл-насаат айта турган, мамлекеттин жаркын жашоосуна салым кошо турган адамдар аткошчу болуп берүүсүн эл каалап турат. Жууркан тартышка түшпөйлү. Өз көмөчүбүзгө эмес кошунага, кошунага эмес айылга, айылга эмес улутка күл тарта турган, патриоттук сезими бийик адамдар, чырак кармагыла! Бычактын мизинде турабыз. Муну ар бир кыргыз жараны жонтериси менен сезүүбүз керек. Андыктан азыркы кыла турган кадамыбызды туура таштайлы, түз жүрөлү, акыл пештеп иш кылалы... 


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер