Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаев кандайча “Мыйзамдагы ууруга” байланган?

“Ориондун” ээси Куттубай Мурзабаев кандайча “Мыйзамдагы ууруга” байланган?

17-август, 13:38
0 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

     Аз күн мурда Садыр Жапаров маек берип, Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдү” башкарып турганда “Мыйзамдагы уурунун” офисине көчүп алганын, бир топ алешем жүрүштөрдү жасаганын айтып, сынга алды. Ушул жерден бир нерсеге көңүл буралы. Эске салсак, Бөлтүрүк шаардын чок ортосундагы Куттубай Мурзабаевдин имаратын ижарага алганы айтылган. Бул боюнча маалыматтар жетиштүү эмеспи. Эң кызыгы, Куттубай Мурзабаев кандайча “Мыйзамдагы ууруга” байланышып калган? Экөө шерик болуп, чогуу иштешкени ырас беле? Кримавторитеттин астында чарк айланып, анын ишкери, спонсору катары эмгек кылганбы? Айтор, коомчулукка ачыла элек суроолор арбын. Келечекте чечмелейли. 

     Негизи көп маалыматтар ачыкка чыкпай келет. Октябрь төңкөрүшүнөн кийин ондогон, жүздөгөн бизнесмендер “кусушканы”, байып кетишкени үчүн жаза алышканы жалганбы? Ошолордун ичинде Куттубай Мурзабаев да камалып, “Орион” мейманканасын тарттырып жибербесе да башкасын берип, миллиондорду чачуу менен сакталып калганбы? Канча объектиге ремонт жасатып берди? Бул жагы да жакында ачыкталса керек...

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер