Акыркы кабарлар
» Саясат » Президенттикке талапкер Мамбетжунус Абыловго кол топтоо жүрүп жатат
Президенттикке талапкер Мамбетжунус Абыловго кол топтоо жүрүп жатат
16-ноябрь, 23:54


Учурда президенттикке талапкер Мамбетжунус Абыловго “Түндүк” тиркемеси тарабынан кол топтоо жүрүп жатат. Убакыт тез өтүүдө. Андыктан, демократия, эркиндикти жактагандар, дегеле шайлоо атаандаштыкта өтүүнү туура көргөндөр Мамбетжунус Абыловго колдоо көрсөтүшөрүнө ишенебиз! Каарманыбыз мамлекеттик жогорку кызматтарда көп жыл иштеп, элге эмгек өтөгөн. Ошого катар бир канча жылдар бою оппозицияда сын-пикирин, сунушун да айтып, эркин коомдун өнүгүшүнө салымын кошуп келгени белгилүү. Ак жеринен “кемпирабадчылар” менен камалып, кайра акталууга жетишти. Кыргыздын белдүү аксакалы. Демек, активдүү адамдар “Түндүк” аркылуу Мамбетжунус Абыловго жетишерлик колдоо кылышарына ишеним чоң!











