Күнкарамалар жана күнкарама
Ушу күндөрү кыргыз парламентинде башка иш калбай калгансып “туубузду өзгөртөбүз, күнкараманы төө тикенге” дешип... Туунун авторлору бирди айтып, спикери бирди айтып, алары аз келгенсип депутаттар эки-үчкө бөлүнүп, чабышып...
А мен бу күндөрү жөн отурбай архивди казгылап көрдүм. Анан эле туу жөнүндө Жолборс Жоробековдун “Кыргыз Руху” гезитине мындан 31 жыл мурун жазган “Күнкарамалар жана күнкарама” деген материалды таап алдым. Алгач материалды эч өзгөртүүсүз берүүнү эп көрүп турам, бу жакта бир маселе жаткансыйт. Соңунда Жолборс акенин бүгүнкү оюн да угуп көрөлү.
Ар бир эле элде же өзүнчө уюмдашкан адамдардын тобунда улуусу сүйлөп, кичүүсү угуп, илим-билимдүүсү айтса түркөйү тынып, акыны ырдаса калганы тыңдап, иштин көзүн билген идиреги кара кылды как жарган чечени сүйлөсө чиеленишкен маселелерди чечсе башкалары макул көрүп, аны угуп келген. Бул кишилердин тобу азыркы биздин жаман түшүнүгүбүздө баягы европалыктардын тили менен айтканда, парламент десек жаңылышпайбыз. Ал эми биздин парламенттеги депутаттар ошол эле округдарына көпүрө, жол, мектеп, суу түтүгү, клуб ж.б.у.с. социалдык маселелерди гана чечүү менен чектелип жатышкандай. Көбүнчөсү айылдык, райондук, облустук, болбосо Бишкектен барган жогорку кызмат адамдары. Биздин элдин түшүнүгүндө ошол колунан иш келген жогорку кызматтагы адамды гана шайлоо керек. Ошол гана депутаттыкка татыктуу. Экинчи жагынан ошол эле кызмат адамы өзүнөн жогорку тепкичте турган кызмат адамына толук көз каранды депутаттар менен толукталган. Кызмат абалы боюнча өзүнөн жогору турган органдын директивалуу көрсөтмөсүн кыңк дебестен аткарып көнгөн ар түрдүү баскычтагы жетекчи-депутат, депутаттык вазийпасын да ошондой эле аткарат. Өзүбүздүн парламенттин мүчөлөрү эч кимден коркуп-үркпөгөн жазуучу-депутаттар менен ар түрдүү тепкичтеги жетекчи-депутаттарды эле салыштырып карасак жетиштүү болот го. Ошондуктан күнкорсуз мамлекеттин парламентин эч кимге баш ийбеген эркин депутаттар менен толуктоо же бул депутаттык корпустун таратылып жиберилишин талап кылган добуштар уламдан-улам күч алууда. Чын-чынында парламентти профессионалдаштырбаса баягы эле ар кайсы тепкичтеги кызмат адамдары депутаттык орундарды менчиктеп алышып, мурунку кызматтагы күнкарамалыкты парламентте да уланта беришет экен.
Алыс барбай бир гана мисалга токтолоюн. Мына өткөн сессияда Кыргызстандын бирден-бир символу болгон тууну кабыл алышты. Ар кандай эмоцияны, эйфорияны, аша кеткен патриоттукту мындай коё туруп, өтө сергектик менен карап көрөлүчү. Кызыл материалдын ортосунда кадимки күнкарама, ортосунда тор. Европанын же Африканын кайсы бир мамлекетинде желбиреп турган туубузду көргөн кээ бир адам мунусу эмнеси деп ойлойт го. А мүмкүн бүгүнкү күндөгү кыргыз рухун, анын материалдык, моралдык келбетин, дараметин көрсөтүп турган чыныгы символикалык белги болуп жүрбөсүн!? Же болбосо туунун авторлорунун бири аспирант Сабыр Иптаров тууга берген түшүндүрмөсүн асабага жазып илип койсокпу? Себеби, аны окуган адам анан барып туруп түшүнөт да. С.Иптаров жана калган авторлор, сессияда да ушинтип түшүндүрүшкөн: “Туудагы биз тандап алган эң негизги белги ‒ бул кыргыз бозүйүнүн түндүгү болду. Түндүк ‒ адам жашоосунун, үй-бүлөлүк ынтымактын, көчмөндүү тарыхтын таасын белгиси. Анын элеси мамлекеттик символ катары тууга түшүрүп алганыбыз бул саясый жактан да жаңы сөз, жаңы табылга болуп калды. Ал эми кырк деген сан кыргыз үчүн ыйык ошондуктан күндөн кыргыз оюмунун элесин берген кырк нур тегиз чачырап турат” ж.б.у.с. туунун чечмеленген түшүндүрмөсү, өтө узун, өтө татаал, мындай бир караганда өтө эле “оригинальныйдай”. А бирок туу деген нерсе өтө жөнөкөй болушу керек эле да. Жапондордун туусу буга мисал боло алат. Жанагыдай узун чечмеленген түшүндүрмөсү менен башка мамлекеттерге таратпасак бир көргөн адам күнкарама көп айдалган күнкарамалардын өлкөсү экен деп түшүнүшү айдан ачык. А мүмкүн кыраакы, тиш каккан айрым биз кыйын улуттун өкүлүбүз деген саясатчыларыбыз тымызын “кыргызбайларга ушул чыныгы символика боло алат” деп акырын жылдырып эч нерсе менен иши жок коймаарек, уйкусоо отурган депутаттарды бүйүр кызытып, аларды улам сүйлөтүп, көгүш туудай кайгыны көрсөтүп жүрүшпөсүн. Менин оштук жана жалалабаддык туугандарым туунун өңү үчүн жантыгынан жата калып талашкандан көрө, кадр маселесин принципиалдуу жагынан талашпайбы дейм да. Кадр маселесине келгенде ооздоруна суу ууртап алгандай, “хоп!” деп турушат да, анан тууга келгенде “бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгара” коюшуп, болбогон кандайдыр экинчи пландагы иштер менен алагды болушууда.
Бул маселеге багышталган дагы бир топ жүйөлүү пикирлерди айтсак болор эле, бирок гезиттик макаланын көлөмү жол бербейт. Ошондуктан кыскарта айтканда, болору болду, боёосу канды, эми ушул бойдон калат. Жылдар өтөөр, жаңыча ой жүгүрткөн, бизден алысты көрө билген акылы тунук кыргыз жигиттери саясый аренага келээр, парламент бир канча ирет алмашаар, элибиздин мүнөзү, коомдук пикири өзгөрөөр, жыртыгы бүтөлүп, курсагы аш-нанга тоюнаар, бардык нерсеге цивилизациялуу өлкөлөрдөй мамиле жасаганга үйрөнөөрбүз. Мына ошондо туубузду башкачараак кылып оңдоп алышат го деген илгери үмүт менен жашайлы.
Эми акыркы чекитти коёрдон мурда кыстара кетчү нерсе, жакында республикабыздын герби менен гимнди кабыл алабыз. Аларды да тиги туубуздай кылып буйдалай салбастан калк арасында кеңири талкуудан өткөрсөк. Анткени, бул атрибуттар да кылымдарды карытып жашай турган бирден-бир белгилер эмеспи.
Чындыгында бул жерде биз убагында тынчсыздангандай эле болду. Туубуз күнкараманы элестетсе, гимнибиз баягы социализмдин убагындагыдай “дүңк-каңк” деген музыканы элестетет, гербибиз болсо кайсы бир сасык үпүптүн кейпин алды. Албетте, бул мамлекеттик атрибуттарды эртеңки эле парламенттен өзгөртүүнү талап кылбасак да келечекте өзгөрө турганына бөркүмдөй эле ишенем.
“Кыргыз руху”, 6-июнь 1992-жыл
-- Жолборс аке, быйыл 75 жашка чыгып, бир эмес эки китептин бетачарын кылдыңыз. Анын бири “Кыргызстандагы саясаттын эволюциясы” деп аталат. Өзүм негизи китеп окуганды жаман көрөм. Окуп баштаганда эле көз жумулуп уйкуга кетмей. Бирок, ушу китебиңизди барактап атып, 50-беттеги туу жөнүндө жазганыңызды таап алдым. Мындан 31 жыл мурун жазыптырсыз. Эми айтсаңыз, тууну эмне кылалы, өзгөртөлүбү же тек коёлубу?
-- Эми тууну тек коюш керек. Анткени, 30 жылдан ашуун бир муун ушу туунун алдында чоңойду, эрезеге жетип, дүйнөтаанымы, жашоого болгон көз карашы калыптанды. Азыркы туубуз дүйнөнүн баардык жеринде Кыргыз мамлекетинин символу катары илинип турат. Албетте, тууну жаңыдан кабыл алып аткан кезде, мындан 31 жыл мурун абдан каршы болуп, “Темирдин ысыгында, кептин кызуусунда сок!” дегендей, айтпаган жерим, жазбаган гезитим калган эмес. Ал эми бүгүн “болору болуп, боёосу канды”. Дагы бир жолу айтам, туу эч өзгөрүүсүз калганы оң!
Илгери, мындан жарым кылым мурун Москвада болгон кезде, сөзсүз түрдө Кызыл аянтка барчубуз. Ал жерде Кыргыз Республикасынын желегин, гербин көргөндө көзүңөн жаш атып кетет эле. Мына, азыр деле тиги жагы Австралия, бу жагы Американын Нью-Йорк шаарына барганыңда БУУнун штаб-квартирасынын кире беришинде биздин кызыл туубуз желбиреп илинип турганын көрөсүң. Сөз менен айтып бергис сезимдер пайда болот. Эстегенде дагы бир жагдайды кыстара кетейин, борбор шаарыбыз Фрунзени Бишкек шаарына которгонубузга да 30 жылдан ашты, чет мамлекеттерге барганыбызда Бишкекти ушу кезге чейин “Fru” деген жазуу менен чаташтыра беришет...
Эми кыларга маанилүү ишибиз жок калгансып, тууну өзгөртүп, төө тикенге алмаштыруунун кажети барбы? Мен ушинтип эле айтат элем. 30 жыл мурдагы кабыл алган туунун алдында канча деген дүйнө чемпиондорубуз, олимпиаданын байгелүү орундарын алган Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы, Жоломан Шаршенбеков, Акжол Махмудов ж.б. спортчуларыбыз колдорун жүрөктөрүнө коюп, жогорку тепкичте турушпадыбы, бу жагын кантебиз?!
-- Сөзүңүзгө аралжы, ушундай учурда “интеллигенция катмарындагы аксакалдар өз ойлорун айта албай калды” дешүүдө...
-- Сурат, кечээ эле аттуу-баштуу аксакалдар маданий иш-чарада жолугуп калдык. Ал жерде Медеткан Шеримкулов аксакалабыз да туу боюнча өз оюн билдирип, “тууну өзгөрткөнгө категорически каршымын!” деп катуу айтты.
Сурат Жылкычиев
"Азия Ньюс" гезити