Алдыда шайлоо келатат, Аманкан Кенжебаевдин арсар абалы ойлондурууда


Президенттин облустардагы атайын ыйгарымдуу өкүлдөрү эл менен жолугушкандарын көрдүк. Көйгөйлөр арбын экен. Эң негизгиси, жалпы губернаторлордун дараметтери, иштөө ыкмалары купулга толбогону, начарлыгы байкалды. Айрыкча Аманкан Кенжебаевдин айкыргандан башка “ырыскысы” жок беле? Элге оргу-баргы, орой мамиле кылган эргулду кантип кармап отурушат? Күн өткөн сайын президенттик шайлоо жакындап келатса, мындай жетекчи менен туруктуулукту, коопсуздукту, мыйзамдуулукту камсыздоого болобу? Ойлоно турган убак келди. Кыскасы, Аманкан Кенжебаевдин жүк көтөрө албай калганы ачык байкалууда. Ордуна орун басары Мирлан Орозбаев дайындалса ишенимди актайт эле. Бул жигит уюштургуч, саясый стратег катары арканды алыс таштайт. Көп жөндөмү али ачыла элек...
Ток этерине келсек, Ош облусундагы, дээрлик түштүк аймагындагы аткаруучу жетекчилерди жаңылоого мезгил келди. Күчтүү кадрларды коюш керек. Эртең бармакты тиштеп калбайлы да, туурабы?..











