“Дордойдо иш солгундап, Казакстандын Хоргос базарында бизнес өнүгүп жатат”
-- Салык саясатынан улам Дордойдогу контейнерлердин жабылып, же арендага берилип атышы эмнени билдирет? Базардын келечеги кантет? Ошол эле кезде коңшу Казакстандагы Хоргостун өнүгүшүнө кандай ойдосуз?
Эрнест Карыбеков, эксперт:
-- Бул баягы эле либералдык көз карашына, спекулятивдик каржы-экономикага сугарылган мамлекеттик кызматкерлердин саясаты. Өзүн өзү багып жаткан элге жеңилдик бергендин ордуна, салык менен жонтерисин сыйрып атышат. Дордойбу, же башка базар болобу, ишкерлер ижара акысын базардын кожоюнуна төлөйт, салыкты мамлекетке төлөйт, мамлекет инфляцияга шылтап, өзүбүздүн валютабызды (сомду) бекем кармабай, тескерисинче, курсун төмөндөтүп атышат. Же казактардыкындай Кытай менен темир жолубуз жок. Айтор, Дордойдун иши солгундап, Казакстандын Хоргос базарында товар арзан болуп, ал жакта бизнес өнүгүп жатат. Чынында алар товарды бизге окшоп бирөөнүн кымбат соляркасын жагып автотранспорт менен эмес, арзан темир жол менен алып келишет. Демек, баарын эске алып, министрлер кабинети туура саясат алып барышы керек.
Ал үчүн өкмөт экономикабыздын базалык жактан саясатты өзгөртүүсү зарыл. Тарифти, салыкты, банктагы ставканы жогорулаткан эмес, төмөндөткөн саясатка өтүш керек. Буга Кыргызстандын шарты, мүмкүнчүлүгү да бар.
Азыркы либерасттар өзгөрүүгө барышабы, же ушуга чейин Кыргызстандын саясый, башкаруу, экономика конструкциясын талкалап келаткан саясатты улантабы – маселе ушунда. Бирок, кандай болгон күндө да кыргызды тентиткен системаны токтотуп, жаңы багытта иш алып баруу – мезгилдин талабы.
Айбек Карымов, ырчы:
-- Дордойдогу контейнерлердин ижарага берилиши, сооданын баштагыдай болбой калышына жалгыз салык саясатынын кесепети тийди деп ойлобойм. Бул маселенин экинчи жагы да бар. Эл дагы, соодагерлер дагы салыктын жеңилдетилген түрү менен соода кылып көнүп калышкан. Ошон үчүн салыкты көтөрө албай жатышат. Бара-бара эл бул салыкка деле көнүп калат. Болгону, азырынча сооданын жоктугунан контейнерлерди жабууга же ижарага берүүгө аргасыз болуп жатышат окшойт. Себеби, Хоргос ачылып, мурдагы Дордойдун ордун басып алды. Ошон үчүн ал өнүгүп жатат. Мурда казактар Дордойдон соода кылса, биздин соодагерлердин көбү Хоргостон соода кылып калышты.
Бизде деле Хоргостой базарларды ачуу мүмкүнчүлүгү болгон, бирок биз аны пайдаланган жокпуз. Маселен, Нарын тарапта Кытайдын чек арасына жакын жерлер бар. Ошол жерлерге базар ачып, элди арзан товар менен камсыздасак болмок. Тилекке каршы, кыла албадык. Мезгилдин талабын казактар жакшы пайдаланып, Хоргосту өнүктүрүп алышты.
Төрөбай Колубаев:
-- Бажы биримдигине киргенден бери Дордойдун иши татаалдашты. Дордойдо сатып алуучулар кескин азайды. “Өлгөндүн үстүнө көмгөн” кылышып, өкмөт “ККМди орноткула” деди. Салыкты жогорулатты. Мына ушулардын кесепетинен контейнерлер жабылып, ижарага бериле баштады. Дордойдун иши солгундаганы Хоргостун иши дүркүрөп жүрдү.
"Азия Ньюс" гезити