“Ак баштуу” Азамат Кадыралиевдин таасири артып, баарын калчай баштадыбы?


Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов ишин эптей албай атса, бир жагынан президенттин администрациясынын орун басары Азамат Кадыралиев жүдөтүп, өзүнүн кызыкчылыктарын таңуулап келеби? Бул боюнча тармакта күбүр-шыбыр кеп козуду. Реформаны күтүшкөн кесипкөй ак халатчандар кыжалат болушуп, интриганы гана аңдып калышканы кызык. Айтмакчы, “ак баштуу” Азамат Кадыралиев мурдагы министр, чекист Каныбек Досмамбетовду каматпай сактап калганбы? Акыркы жылдары бул эргулдун таасири өскөнү, жада калса өкмөт башчы Адылбек Касымалиевди да калчап койгон кербезиби? Көп суроолор жоопсуз калууда.
Ток этерине келсек, ажо айланасына тыкыр көз салып, кыйчалыш кырдаалга жараша командасын тазалап, кадр саясатын оңдоп алууга мезгил келди окшойт. Чыныгы кесипкөйлөр жөн жерден сары санаага түшүп жатышпаса керек...











