Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Россияда коркунучтуу илдетке чалдыккандардын саны 1,5 миллионго жетти

Россияда коркунучтуу илдетке чалдыккандардын саны 1,5 миллионго жетти

02-ноябрь, 18:58
415 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Россияда ВИЧ-инфекциясын жуктургандардын саны 1,5 миллионго жетти. Бул тууралуу керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматына (Роспотребнадзор) караштуу СПИДдин алдын алуу жана эпидемология илимий иликтөө борборунун башчысы Вадим Покровский билдирди. Анын эсебинде 2030-жылы бул сан 2 миллиондон ашат.

Ал эми Россиянын саламаттык сактоо министрлиги Покровскийдин билдирүүсүн четке кагып, инфекцияга чалдыккандардын саны 850 миңдин тегерегинде экенин маалымдады.

Буга чейин Вадим Покровский Мамлекеттик Думада сүйлөп жатып, 2017-2020-жылдар аралыгында ВИЧтен 80 миң россиялыктын өмүрү кыйылганын айткан. Окумуштуунун пикиринде, Россияда ВИЧ боюнча кырдаал болуп көрбөгөндөй начар. 100 миң адамдын жан башына алганда бул сан Евробиримдиктин мамлекеттериндеги көрсөткүчтөн он эсе жогору.

2022-жылдан баштап Россиядагы мигранттар дагы толук медициналык кароодон өтүүгө милдеттендирилген.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер