Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Ата, күздө үйлөнүп, жаныңарга келем” дебедим беле?! Неге күтпөдүң?

“Ата, күздө үйлөнүп, жаныңарга келем” дебедим беле?! Неге күтпөдүң?

15-июль, 13:02
1 359 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жоготуу көп, жоктоо көп ушундай күндөрдө жашап жатабыз. Фейсбук колдонуучу Темирлан Токторбаев атасын жоготуп жоктоп жазган.

08.07.2020 болчу.

-- Алло Темирлан, бүгүндөн калбай чык жолго, атам катуу болуп атат... Макулбу э? Чык бүгүн, атам катуу болуп атат...

Мен бул сөздүн аркасында эмне жатканын жакшы түшүнүп жаттым, ошол эле учурда пенденин үмүтү үзүлбөйт тура.

-- Ммм... Макул! - Байланышты үзүп, айланага бир карап, ойлор адашып, көз ирмем мээмде чыңалуу менен өтүп жатты.

-- Доске, не болду?

-- Эч нерсе.

-- Бас, намаз окуйлу тезинен, - деди Азат.

Досум экөөбүз борбордук мечитке шашылыш кирдик, шам намаздын убактысы өтөрүнө аз калган. Шамды окуп болгон соң байкеме чалдым.

-- Алло? Байке, тынччылыкпы?!

-- Папам катуу болуп атат...

-- Айтчы чынын, деги эмне болду? - мен анын ичинен сөздөрдү сууруп алгандай, табалап сурап алгандай эле болдум.

-- ...Папамды жоготуп алдык... 

-- Азат, аяш атаң каза болуп калыптыр... 

Кучакташып алып ыйладык. Мечитти көздөй кайра чуркап кирдим. Эки рекет намаз окуп дуба кылдым да, жолго чыктым. Жол узак, жетпей атып келдим. Таңкы төрт чамасы, бозүйдү тегеректеп агаларым жүрөт, биз уулдардан алтообуз, эжем жалгыз үйдө экен, ары жактан апам чыгып келди. Көрүп эле апама карай басып келип, кучактадым...

Түшкө маал жаназаңды окудук, кайткыс сапарга узаттык. 

Ата, атоу! Дүйнө талаалап, дүнүйө издеп, окуйм деп, сага кызмат кылбадым. “Күздө үйлөнүп, жаныңарга келем” деп кетпедим беле?.. Неге күтпөдүң?.. Неге кете бердиң?.. Мен эми сага дуба кылгандан башка эч нерсе кыла албайм...

Кышта батиңкемди мешке кургатып, эртең менен мектепке кеткиче жылтыратып майлап коёт элең. Келип палас үстүнө узунуман жата калсам, “ай, сыз өтөт” деп өз колуң менен төшөк салып, башыма жаздык берип койчусуң. Телефон көтөрбөгөн жан элең, алыста жүрүп аз байланыштык , апама кээде “атам кайда, бериңизчи?” деп калчу элем. 

“Ай, түз жүр, сен такыр эле фанат болуп кетпе” деп урушчу элең. Ошенткен менен таңда мени намазга ойготуп, суумду “үшүп калба” деп жылытып коёт элең. Эки ай карантинде жүргөн убакта мага “балам, мен өлсөм мага мал сойбо, андан көрө куран окуп, дуба кыл, ошонуң мага жетет. Ошентип койсоң эле болду" дедиң эле  Албетте ата, сөзсүз ошентем!

Жараткан өз мээримине алсын, пайгамбарыбыз Мухаммед алейхи саламдын шапаатын насип этсин. Ичимдегини кээде жазып чыгарган жаным, чыдабай сени менен сырдашкандай жаздым. Ата, көрүшкөнчө!..

Досторум, атам үчүн дуба кылып коюңуздар!

08.07.2020 кечинде угуп, 09.07.2020 түшкө жетпей акыркы сапарга узаттык...
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер