Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!

Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!

22-декабрь, 12:19
83 847 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Түрп. Бир даана бүтүн түрптү колуңузга алып, анын үстү жагын мискейдин капкагы сыяктуу кесип салып ортосун терең эмес кылып оюу керек. Пайда болгон чуңкурчага бал куюп, кайра капкагын жабасыз. Бир аздан кийин түрп шире бөлүп чыгарат жана ал бал менен аралашат. Ошол аралашмадан күнүнө 1 чай кашыктан бир нече жолу ичүү менен жөтөлдү жок кылуу жеңил. 

Сабиз. Сабизди сүткө бышырып ичүү дагы жөтөлгө каршы жакшы каражат. Бул үчүн биринчи кыргычтан өткөрүлгөн бир аз сабизди бир аз сүткө жумшаргыча жай кайнатуу менен бышырасыз. Анан өзүңүзгө жаккандай кылып, ага бал менен каймакмай кошуп жеңиз. Күнүнө 2 жолудан айыккыча кайталоого болот. 

Шекер. Аш кашыкка анча толтурбай шекер салып, аны күрөң болуп эригиче отто кармап турасыз. Эриген соң кичинекей жана чуңкур айнек тарелкада турган ошончо көлөмдөгү сүткө куюп жибересиз. Пайда болгон таттууну катырып, андан кийин эригиче соруп жүрүүңүз керек. 

Сода. Жарым стакан жылуу сууга жарым чай кашык аш содасын жана бир чымчым туз кошуп, тамактагы какырыкты кетирүү үчүн ичүүгө болот. Муну күнүнө 2 жолу, тагыраагы, эртең менен ачкарын жана түшкүсүн тамак алдында кабыл алуу керек.

Пияз. Алгач 2 даана пиязды майда туурап, жарым стакан сүткө бышырасыз. Төрт саат тыныктырган соң ар бир 3 саат сайын 1 аш кашыктан жей берүү кажет.

Жумуртка. 1 даана чийки жумуртканы 1 аш кашык таза арак, 1 аш кашык жылытылган каймакмай, 1 аш кашык бал, 1 аш кашык сүт жана 1 чай кашык сода менен жакшылап аралаштырасыз. Анан бул аралашманы ачкарын калтырбай ичип жиберүү зарыл. Мындай ыкма көп учурда бир колдонуудан кийин эле жөтөлдөн толук арылтат.

Каз майы. Жөтөлдү айыктыруучу эң натыйжалуу ыкма. Ал үчүн кыргычтан өткөрүлгөн пиязды каздын майы менен теңме-тең аралаштырып, пайда болгон массаны көкүрөккө, желкеге жакшылап ысыта шыбоо керек. Анан жылуу оронуп жатып алса, жакшы натыйжа берет. 

Ингаляциялар. Суу. Бир стакан ысык сууга 1 чай кашык соданы, 2 тамчы йодду кошосуз. Анын буусу менен дем алып отурсаңыз, көп өтпөй эле дем алуу жолдоруңуздун жумшара баштаганын сезесиз. Мында йод бактериялардыөлтүрөт, ал эми сода тамакты калыбына келтирет. Күнүнө 2 ирет кайталоо керек.

Жалбыз. Идишке муздак сууну куюп, ага жалбыздын чөбүн көбүрөөк, эрмендин, бака жалбырактын, ромашканын жана малинанын чөптөрүн азыраак кылып саласыз да, жай отко коюп кайнатасыз. Кайнаган соң оттон чыгарып, анын буусу менен дем алып отуруу керек. Жайкысын чөптөрдү талаадан эле үзүп алып, а кышкысын сатыктан алып колдонгонго болот. 

Картошка. Картошканы сууга бүтүн бойдон бышырып, анан идишке эзип алып, анын буусу менен 10-20 мүнөт дем алып отуруу керек. Чоң апалардын эски бул ыкмасын күнүнө бир нече жолу кайталаган адам жөтөлдөн тез эле айыгат.


Бала жана жөтөл

Жөтөлгө каршы колдонулуучу элдик рецепттер чоң кишиге кандай таасир берсе, балага деле ошондой таасир этет. Болгону аларды кичинекей балага жасап жаткандан кийин ченемин эки эсе азыраак колдонуу зарыл. Бул элдик медицинанын бирден-бир алдыңкы талаптарынан деп айтсак жаңылбайбыз


Төмөндө балдар үчүн жөтөлгө каршы элдик рецепттер:

· Жылуу сүткө инжир кошуп ичирсе болот;

· Бир стакан ысык сүткө 1 чай кашык бал аралаштыруу менен жөтөлдүн күчтүүсү айыгат;

· 100 гр бал менен 100 гр каймакмайды аралаштырып, анан ага ванилинден бир аз кошуп жегизүү дагы натыйжалуу ыкмалардын бири. Күнүнө 3 жолу кайталоо талап алынат!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер