Айбар Султангазиев: “Вирустан каза болгондор дагы көбөйөт”
Өлкөдө абал күндөн-күнгө оорлоп, илдетке кабылгандар менен көз жумгандардын саны да өсүп жатат. Медицина тармагы боюнча көз карандысыз адис Айбар Султангазиев “кырдаалдын мынчалык курчушуна өкмөт күнөөлүү” дейт. Эксперт ошондой эле каза болгон жарандардын саны расмий маалыматтагылардан алда канча көп болушу ыктымалдыгын белгиледи.
Пневмониядан көз жумгандарды “ковид” деп эсептебей жатышат
-- Бүгүн расмий маалыматтарга ылайык, COVID-19 менен ооруган беш адам каза болуптур. Бирок, менин пикиримде, бул статистикага пневмония менен ооруп каза болгондор кирбей жатат. Билишимче, шаар ичиндеги урология жана башка ооруканаларда кишилер каза болгон. Социалдык тармактардан өзүңүздөр деле көрүп жатсаңыздар керек, ооруканага кирбей, сырттан жан бергендер да болууда. Менин эсебимде, 1-июлга караган түнү мамлекет боюнча 20-30га чукул адам көз жумду. Ал эми 15-июлдан тартып илдет тастыкталбаган, бирок пневмония менен ооруп каза болгондордун саны мындан да көп болушу толук мүмкүн. Бизге туура эмес маалыматтар берилип жатат.
Кырдаал курчуп кетти, өкмөт буга даяр эмес болчу
-- Буга чейин саламаттык сактоо министрлиги мамлекет боюнча 1500 орундук даярдалды деп маалымдашкан. Ал эми өткөн аптада аталган министрликтин жетекчисинин орун басары “Бишкете 630 койка даярдалды” деп мактанды. Бирок, жөнөкөй эле эсеп менен алганда, бул аз экенин түшүнүүгө болот. Бир миллион калк жашаган Бишкек үчүн бул орундуктардын жетишпей турганын алар ошондо эле билиши керек болчу. Эпидемиологиялык изилдөөлөргө таянсак, бул койкалардын 20-30 пайызына орточо же оор абалдагы бейтаптар жаткырылат. Жыйырма пайызга, эки жүз миң адам туура келет. Муну бир жылга бөлсөк, ушу тапта бизге ай сайын 10-15 миң орундук талап кылынат экен. Бир бейтап жок эле дегенде эки же үч жума дарыланат. Буга ылайык, бүгүнкү күнгө жок дегенде жети миң койка даяр болуп турушу керек эле. Биздикилер болсо “600 орундук бар” дешти. Жоопкерчиликсиздиктин жеткен чеги ушул. Республикалык штаб даярдаган ар бир койкага 10-15 жаран туура келүүдө. Кезек күткөн жарандарга аба жетпей, кандары коюулап, кан айланбай, бөйрөгү, жүрөгү, мээси иштебей каза болуп калышууда. Дарыгерлер жарандарды ооруп калган учурда медицина кызматкерлерине кайрылуусун суранып, аларсыз өз алдынча дарыланбоого чакырып жатышат. Эл ак халатчандарды күтүп отуруп өмүрлөрү менен кош айтышууда. Ушундан эле даярдыктын жоктугун билүүгө болот. Ооругандарга эки эле дары керек, бирөө антибиотик, экинчиси антикогулянт. Мисалы, июль айында ооруканаларга куру дегенде 10 миң адам кайрыла турган болсо, аларга үч жүз миң доза антикогулянт талап кылынат. Бул канды суюлта турган дары. Аны ичпесе адам каза болуп калышы мүмкүн. Дарыканаларда кезек күткөндөрдүн катары арбып, бул дарылар мамлекетте жок калды. Муну ачык айтыш керек.
COVID-19 менен согуш учурундагыдай күрөшүү маанилүү
-- Илдет менен согуш убагындагыдай мобилдешип, биримдикте күрөшүү зарыл. Азыр мектептер бош, спорт залдарга аскер адамдарынын запастагы бүктөлмө керебеттерин орнотуп, ар бир ушундай жайга жүздөн бейтап жаткыруу зарыл. Бир адиске ушул тармакта окуган студенттерден кошуп, тез арада дежурство уюштуруу талап кылынып жатат. Анда жаткырылгандардын баарына капельница коюп, өлүмдү кыскартса болот. Эки-үч күндөн бери ушул сунушту айтып жатам, бирок, кулак салган киши жок. Ооругандар азыр шаарды аралап, ооруканадан оорукана издеп, кезек күтүп убара. Алар минтип жүрбөшү керек.
Дары жетишсиздиги күйгүздү
Саламаттык сактоонун эсебинде акча түгөндү. Акча которо тургандардын баары ооруп, үйлөрүндө. Өкмөт ушундай кырдаалда дагы эскиче, тендер жарыялоо жолу менен иштегенин токтоткон жок. Тийешелүү чечим менен бир күндө жөнгө сала турган иштер айларга созулуп, ортодо жарандар кыйналып, ооруп, четинен өлө баштады. Тез арада каражат бөлүп, коңшу Казакстан менен Кытай мамлекетинен жогоруда айтылган дармектерди алдыруу абзел. Бишкектеги элдин 30 пайызы оору менен алпурушуп жатат.
Дарыгерлерге убадаланган каражаттар берилген жок
-- Вице-премьер-министр Аида Исмаилова “дарыгерлерге убадаланган каражат берилди” деп айтты. Бул калп, май айына чейин 260 дарыгер ооруганы айтылып, акча берилди дешкен. Бирок, алардын 40ка жакынына гана кошумча акча төлөндү. Ак халатчандар үч айдан бери демалышсыз, күнү-түнү иштешүүдө. Биз болсо аларды беш-алты миң айлык менен калтырдык. Жогорку Кеңеш кечээ, акыркы жыйынга чогулуп, эч бир маселе чечпей тарап кетишти.
Илдетке чалдыккандар аймактарда да күчөйт
-- Бул оорунун толкуну жакын арада басаңдабайт. Менин прогнозума ылайык, кийинки жумадан тартып аймактарда илдет кескин күчөйт. Бишкекте ооруканалар бар, кошумча койкалар даярдалды. Аз да болсо шарт каралган. Бирден оорукана жайгашкан облустарда абал оорлойт. Дарылардын баасы асманга чыгып, антибиотиктин акчасы эки-үч эсеге өстү. Вирустун түрлөрү да көбөйдү. Грипп болуп жаткандардын көпчүлүгү ковидге чалдыкандар. Мен да илдетке чалдыкканыма төрт күн болду. Өзүмдөгү көрүнүштөр боюнча айтсам, алгач баш оору пайда болду, андан кийин алым кетип, шалдырап, калчылдап калдым. Жакшы окуй албай, жаза албай, концентрациямды жоготтум. Мен кесибиме жараша дарыларды убагында ичип, азыр жакшымын. Кээ бирөөлөр температура болот, айрымдардын дене табы көтөрүлбөйт. Төртүнчү-бешинчи күнү жакшы болуп, айыгып баратам деп ойлойсуң, бирок, бул абдан митаам вирус да, алдап туруп, бир күндөн кийин кайра күчөйт. Ошондо илдет оор же жеңил формада өтүп жатканын байкоого болот. Илдет жуккандан төртүнчү же бешинчи күнүндө антибиотик алып баштоо зарыл.
Бийлик ооруну көзөмөлдөй албай калды
-- Президент, өкмөт мүчөлөрү парламенттен өлкөдө эч нерсе болбогондой сүйлөштү. Мындан, кырдаал алардын көзөмөлүнөн чыгып, алдары келбей калганын түшүнүүгө болот. Буга ылайык, оору жакында азайбайт, азыр өзгөчө активдүү жарандар ооруга чалдыкты. Эми калктын көпчүлүгү, ишке жарамдуулар ооруп чыкмайынча, абал турукташпайт. Кийин азайганы менен региондордо күчөйт. Илдет жугузгандар болжолу менен сентябрь, октябрь айларында азайышы мүмкүн.
Анархан Алтымышова
"Азия Ньюс" гезити