Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамалбек Ырсалиев, вице-мэр: “Автобустун айдоочулары күнүгө 3000-5000 сомдон чөнтөккө уруп кетүүдө”

Жамалбек Ырсалиев, вице-мэр: “Автобустун айдоочулары күнүгө 3000-5000 сомдон чөнтөккө уруп кетүүдө”

12-октябрь, 22:39
903 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Жамалбек мырза, жол кирени накталай төлөсөң 40 сомго көтөрүү маселеси чоң талкууга жем таштады. Шаардыктардын нааразычылыгы жаралып жатат го?

-- Жол кирени накталай төлөмүн 40 сом кылуу боюнча коомдук талкууга чыгарганбыз. Биз жол кирени кымбаттатып жиберели деген ниетибиз жок. Болгону, элди накталай төлөм эмес, карта менен 17 сом төлөөрү боюнча түшүндүрүүнүн аракетин көрүп жатабыз. QR код – Улуттук банктын менчиги. Баардык банктын мобилдик тиркемеси аркылуу 40 сом эмес, жол киреге 17 сомдон төлөй берсе болорун айтып жатабыз.

-- Айдоочулар чөнтөгүнө акча арттырып калат бекен?

-- Автобустун айдоочулары “күнүгө 3000-5000 сомго чейин чөнтөккө салып кетебиз” деп мактанып жүргөндөрүн көптөр эле билет экен. Эгер накталай эмес төлөмгө өтсөк, айдоочуларга кетип жаткан каражаттын баары мамлекеттин казынасына түшөт. 

-- Элдин жоопкерчилигин карабай айдаган айдоочуларга чара көрүлөбү?

-- Албетте, көрүлөт. Бишкекте күнүгө 1200дөй автобус каттамга чыгат. Мурункудай маршруткалар жок. Бири-бири менен сүзүшүп, эки күндүн биринде эле автобустардын кырсыгы болуп жатканына баарыңар күбөсүңөр. Эрежени сактабай, талаптарды так аткарбаган 30дан ашык айдоочуну бир күндө жумуштан кетирдик. Кечээ эле өзүңөр кандай кырсык болгонун көрдүңөр. Ошондой кырсыктардын алдын алуу үчүн айдоочуларды тарбиялап, коомго да түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүбүз керек.

-Азыр илгеркидей проездной барбы?

-Бар. Балдардыкы 350 сом. Чоңдордуку 1050 сом. Аны менен каалагандай жүрө берет. Ал эми 17 сомдук төлөм менен бир автобустан башка автобуска которулганды дагы эске алганы жатсак, жол кирени 40 сом кылат экен деп аныгын түшүнбөй эле көбүртүп-жабыртып жатышат.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер