Чыныгы өсүү – сергек акыл, таза кол менен жасалары шексиз


“Эртең эмес, келечекте” дейли. Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовдун өкмөт башчы болууга жолу ачык. Баардык тарабынан төп келишип турганы – анын басып өткөн жолуна байланыштуу.
Баштапкы кесиби орус тилчи мугалими. Кийин юридикалык дипломго ээ болуп, сот аткаруучулуктан карьерасы башталган...
Ал мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, эсеп палатасынын аудитору, юстиция министри, парламент депутаты, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо министри сыяктуу бир катар кызматтарды ырааттуу түрдө аркалап келген. Учурда салык кызматын жаңы баскычка көтөрүп, ишкерлер менен бийликтин ортосундагы “тоңгон музду” эритип, өлкө өнүгүшүнө жигердүү салым кошууда.
Алмамбет Шыкмаматов белдүү саясатчы. Мүнөзү туруктуу. Билими, тажрыйбасы мол. Дипломат. Анын саясый божомолдору көбүнесе туура чыгып, оор кырдаалдарды алдын ала билет. Көрөгөч. Жогорку кызматтарда мындай кыраакы кадрдын болушу өтө маанилүү.
Эгерде келечекте Алмамбет Шыкмаматов өкмөт башына келсе, Кыргызстандын өнүгүү жолу кескин түрдө өзгөрмөк. Чыныгы өсүү – сергек акыл, таза кол менен гана жасалат эмеспи. Каарманыбыздын дарамети, бай тажрыйбасы элибиздин жүгүн көтөрүүгө, жеңил жашоо алып келүүгө жарамакчы. Ток этери, ал мамлекетти кантип көтөрүүнүн жолун билет...











