Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмне үчүн билимдүү жаштар, бизнесмендер чет өлкөлөргө кете башташты?

Эмне үчүн билимдүү жаштар, бизнесмендер чет өлкөлөргө кете башташты?

27-декабрь, 19:30
692 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Соңку жылдары билимдүү жаштар, бизнесмендер чет өлкөлөргө көп кете башташты. Мындай агым токтобосо, Кыргызстандын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизбейби?

Жамалбек Ырсалиев, Бишкек жылуулук энерго коммуналдык ишканасынын директору:

-- “Жаштар – биздин келечегибиз деп айтабыз. Алар деле чет элге жакшы жашап кетсек деген максат менен кетишет. Ошол эле учурда чет жерге билим алуу максатында кеткендер да бар. Бир учурда мигранттар кайтып келишип, чет жерден алган билим, тажрыйбаларын колдонушуп, мамлекетти көтөрүүгө салым кошушат (!) деген ойдомун. Бизнесмендер менен билимдүү жаштарга бизде да жакшы шарттар түзүлсө, кетпей кала турган күн алыс эмес.

Эмир Сарпашев, ишкер:

-- Сөзсүз тийгизет, аны биз токтото албайбыз. Себеби, алардын кадырын билбей, баалабай жатабыз. “Акылдуу адам акылсызды дароо тааныйт, себеби буга чейин акылсыз болуп көргөн, акылсыз акылдууну тааныбайт. Себеби, ал акылдуу болуп көргөн эмес.

Аскарбек Бакеев, серепчи:

-- “Миграцияны токтотолу, жаштарга шарт түзөлү, иш орундар менен камсыздайлы. Иштеткенге жана үй салганга жер берели” деген маселелер курултайда көтөрүлөбү (?) деп күттүм. Тилекке каршы, эч ким айткан жок. Кыргыздын жаштары эмнеге мигрант болуп кетип жатканынын себебин эч ким түшүнгүсү да, ойлонгусу дагы келбегендей. Өкмөттөгүлөр булуттун үстүндө жүрүшөт, “мамлекетте укмуштуудай иштер жасалып, курулуштар жүрүп жатат дешип. Иш жүргөндөй болгону менен карапайым элдин көйгөйлөрү чечилбей келет. Ошон үчүн жаштар миграцияга кетишип, айылдарда кары-картаңдар эле кала баштады. 

Илгери союз убагында сельсовет анан колхоз бар эле. Ар бир чарба өзү жол куруп, оорукана, бала бакчага чейин салып, эч кимге көз каранды болчу эмес. Ар бир айылда муктаждыктар чечилип, баары иштешчү. 

Миграцияны токтотуш үчүн өкмөт завод, фабрикаларды иштетип, жумуш орундарын түзүшү шарт, болбосо, сыртка кеткендер арбый берет. “Россияда электрик, ширетүүчү, монтёр, тигүүчү, ашпозчулар көп айлык алат экен” дешип, жогорку окуу жайды бүткөндөр кайрадан орто окуу жайларын окушуп, Россияга кетүүгө камынып жатышат. Бул жакшы көрүнүш эмес. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер