Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Күн эмнеге катуу ысый баштады?

Күн эмнеге катуу ысый баштады?

01-август, 09:00
673 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Көмүр кычкыл газынын чыгышынан улам 2050-жылга чейин абанын температурасы 14 градуска жогорулайт. Бул туурасында “Известия” окумуштуулардын Proceedings of the National Academy of Sciences журналына жарыялаган иликтөөсүнө таянып жазды.

Анда негизи жашоо-тиричиликке ыңгайлуу делген жылдык орточо температура 11-15 градусту түзүп, ал учурда адамзатынын үчтөн бир бөлүгү күндүн табы 29 градустан жогорку болгон шартта жашап калары айтылат. Учурда Жер планетасынын 0,8 пайызында гана аба ырайы ушундай. Анын да көпчүлүк бөлүгүн Сахара чөлү ээлейт.

Окумуштуулардын баамында, болжолдонуп жаткан аптаптуу ысыктан дүйнөдөгү калктын үчтөн бир бөлүгү жабыркайт. Абанын температурасы алдыңкы 50 жылда мынчалык жогорулашына технологиянын өнүгүшү, андан чыккан заттар таасир этүүдө. Муну менен эксперттер 6000 жылдан бери бир калыпта турган аба ырайы өзгөрүүгө дуушар болуп жатканын белгилейт.


Жамиля Нурманбетова 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер